—Садык мырза, негизи баардык нерсенин башатында маданият турушу зарыл. Бирок бизде саясат, саясат жана да саясат болуп жатып, маданият онунчу маселеге жылып калган учурлар көп. Андыктан маегибизди маданият багытынан баштасак. Жакында Америкага аттанам деп турасыз. Ал жакта өтө турган кинофестивалдын күнгөй-тескейин айтып берсеӊиз?

—5-ноябрда Американын Лос-Анджелес шаарына аттанып жатам. Себеби, ал шаарда  Азия кинофестивалынын мыкты кинолорго  кезектеги сыйлык тапшыруу аземи болот. Ал кинофестивалды 5 жыл мурун жүгүрүп жүрүп көп кыйынчылык менен түптөгөм. Ал учурда биз тараптан “Курманжан датка” киносу “Оскардын” номинацияына илинбей калган. Себеби, биз ал дүйнөлүк абройлуу сыйлыкка киноӊду талапкер катары да катыштыруунун көп эрежелери, сырлары бар экен да. Биз аларды билбей, абдан ызаландык, кыйналдык. Биз Америкада өткөрүлүп келаткан бул кинофестиваль ошол учурда бир чети ыза менен түзүлгөн десем да болот. Менин америкалык досторум: “Киноӊ “Оскарга”  илинсе, балким бул кинофестивалды уюштурбайт элеӊ”- деп тамашалап калышат. Кудайга шүгүр, андан бери биздин кинофестиваль бир топ кулачын жайып, дүйнө мамлекеттерине атагы чыгып калды. Буга чейинки өткөргөн кинофестивалдарыбызга Голивуддун жылдыздары Анжелина Жоли, Шерон Стоун баштаган бир топ атактуу актрисалар өздөрү келип катышып, жылуу пикирлерин айтып кетишкенин билесиӊер. Быйыл биздин кинофестивалыбызга тилектеш, шериктеш болуп  “Оскар” менен теӊ турган абройлуу  “Алтын глобус” уюму да кыска метраждуу кино тарткан жаш режиссёрлорго өздөрүнүн сыйлыгын тапшырганы турат. Мунун өзү биздин кинофестиваль оозго алынып, дүйнөлүк деӊгээлге чыгып калганынан кабар берет десем болот.  Ошондой эле жыл сайын ар бир өлкө кино күндөрүн өткөзүп келет. Кыргызстан жыл сайын өткөргөнбүз, быйыл болсо Казакстан кино күндөрүн өткөрүп, 4-5 киносун көрсөтөт. Жалпысынан алганда бул кинофестивалга дүйнө жүзүнүн  3төн эки бөлүгү (Кытай менен Индияны эсепке алганда) жашаган Азиянын   50дөн ашуун өлкөсүнүн 60тай киносу көрсөтүлөт. Бирок ошонун ичинен сынакка 12 кино ат салышат. Алардын арасында Түркиядан, Япониядан “Оскарга”  ат салышкан мыкты кинолор бар

—Бул кинофестивалдын аброюн көтөрүү максатында жыл сайын дүйнөгө белгилүү актёр, актрисаларды калыстар курамына мүчө кылып келесиздер. Быйыл кимдер калыстык кылышарын жана  кинофестивалга кеткен каражат маселеси боюнча ачык айтып берсеӊиз?

—Быйыл  кинофестивалга Кытайдын, Кореянын мыкты актёр, актрисалары катышат. Алардын арасында бизге таанымалы “Сулейман Султанда” Хуремдин ролун жараткан актриса да калыстык кылат. Андан башка “Оскар” сыйлыгын алышкан белдүү режиссёрлор, сецнаристтер да биздин башкармалыктын ичинде болушат. Ал эми каражат маселеси Америкада Кыргызстандагыдай эмес экен да. Ал өлкөдө кайсы бир  багытта иш-чара уюштурам десеӊ, айтор ал иш-чаранын идеясы жакшы болсо каражат жагынан колдоп кетишет. Биздин идея аларга жакты, колдоого алышты. Ачык айтайын, биздин кинофестивалдын жалпы чыгымы 300 миӊ доллардан, кээде 500 миӊ долларга чейин чапчыйт. Анткени, Лос-Анжелесте баары кымбат экен. Башында каражат жагы тартыш болду. Өзүмдүн бир топ каражатымды сарптадым. Агам Болот Шер да жардам кылды.  Себеби, бул кинофестивалдын аты чыга элек эле, билгендер аз болчу дегендей. Акыркы эки жылдан бери кинофестивалдын чыгымын Америка көтөрүп жатат.

—Сиз башынан эле маданияттын кишиси, маданияттын чоӊ күйөрманы  болгонуӊуздан уламбы, же башка себептерденби, айтор кийинки парламенттик шайлоого катышпай турганыӊызды айтып келатасыз. Бул оюӊуздан  айныган жоксузбу?

—Айныган жокмун. Катышпайм деп айтып келем, азыр да айтам.  Саясатка кирүү, ар бир саясатчынын максатына жараша болот. Кээ бирлери саясатта лидер болсом, премьер, спикер болсом деп тилешет. Менде андай тилек жок да. Менин көкүрөгүмдө маданиятты өнүктүрүү деген тилек күйүп-жанып турат. Муну маданият тармагында 20 жылдан бери жасаган аздыр-көптүр эмгектерим тастыктап турат.  Мына ошол көкүрөктөгү тилектин өтөсүнө чыгып, ушул багытта кара жанымды карч уруп иштесем мамлекетке көбүрөөк пайда келтирем деген ойдомун.

—Демек, саясатка аралашып алганыӊызды жаӊылыштык деп эсептейсизби?

—Жаӊылыштык деп деле айта албайм. Маданият ж.б. тармактар боюнча кээ бир маселелерди айтып, алардын чечилип калышына бир аз болсо да салымыбызды кошуп жатабыз. Бирок маданият багытын өстүрөм десеӊ оппозиция тараптан депутат болгон өтө кыйын экен. Себеби, сен жакшысыӊбы, жамансыӊбы, бийлик үчүн баарыбир оппозициясыӊ да. Ал эми позиция багытындагы депутаттарга мен чынында суктанам. Канткен менен алар бир команда да, алардын сунушу колдоого алынып, акырындан болсо да  алар айткан маселелер чечилет. Биздин айткандарыбыз көп учурда эске алынбай калып жатпайбы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here