Каза болгон адамдардын атын көчөлөргө, мектептерге, айылдарга, тоолорго… ыйгармай иши азыр аябай уланып турат… Мурун бирөөнүн атын бир жерге берүү дегендин өзү аябагандай маанилүү чоӊ иш болчу, нечен «электен» өтүп, «таразага салынып» жатып,  анан ат берилчү да…  Эми болсо, ат берилүүчү адамдардын кызматы бар же бай балдары эле чай кайнам убакта эле чечип коёт маркум болгон жакындарына ат коюуну…. Керек болсо «салпетек» катындар өлсө ошонун атын айылдын көчөлөрүнө берип жатышат. Ар айылда «мен баланча тууганыма  көчөнүн атын коёт элем» дегенден дагы бири талашып кадимкидей «кан күйгөн» кармаштар болуп турат. Соттошконго чейин барып жатышат?! Бир ирет раматылык Бөкөмбай Боркеев досум экөөбүз Ат-Башынын Казыбек айылына барып, бир көчөнүн эки тарабына эки адамдын аты берилгенин көргөнбүз…

            Мейли, айылдын, болбосо шаардын кайсы бир көчөсүнө баланчанын аты берилсин. Ал адам ошол жерге, элге ак кызмат кылган, эмгегин эл эскерип турууга татыктуу болсо, анда жакшы. Анан эле эптеп өмүр өткөзүп койгон немелерге эле көчөлөрдүн… атын берүү жакшылыкка жатпас?!

Акаев аябай көөп, катыны Майрам андан аша көөп турган кезде, ошол көпкөн катын атасы Дүйшөндүн атын жаӊы салынган башталгыч мектепке койдуруп, жанына эстелигин орноткон тура. Орнотсо эмне экен деген суроо жаралат да? Эмесе жообу мындай экен, карабаскыр: Дүйшөн деген киши эзели бутуна байпак кийбей, бутун гезит менен ороп ырызинке өтүк кийип жүрчү экен. Анан ичпей тура албаган кадимки эле «алкаш» тура. Колхоздун коюн бактырып койсо, жарымын сатып ичип, анан жооп берерде Казакстанга кире качыптыр. Майрам жазган эмеспи: «Атам бизди орусча үйрөнсүн деп казактардын орус айылына көчүп келгенбиз» деп. Кара башын жейт, койлорду сатып ичип качып келген  экен ошол айылга! Кийин, көп убакыт өткөзүп туруп кайра айылына көчүп келет да ооруган-сооруган койлорду багат, ал жерден бир койго бир бөтөлкө кылып далай койду сатып жок кылат… Анан тиги абийирсиз Майрам ошол атасына Талас шаарына эстелик тургузуп жатпайбы?! Жини келен эл анын мойнуна бөтөлкө байлап коюшчу болот. Ошондо аны милийса кайтарып калат. Кийин Акаевдердин күнү бүткөндө эстеликти мойнунан темир зым менен байлап туруп сүйрөп түшүшөт! Ушундай абийирсиздик, ушундай айбанчылык!

Баса, Майрамдын Каракол шаарында Укен деген сиӊдиси май куюучу жай салдырып атын «Дүйшөн ата» деп койдурган, азыр иштебейт.  Ошол Укен дегени көлгө бийлигин жүргүзүп турган да күн болгон… Анан иниси, ошол кездеги мүлк фондусунун чоӊу Равшан Жээнбеков бир пансионаттан килейген коттедж бөлүп берген. Азыр Укен дегениӊ ошол жерде айлата жатып күнгө күйөт… Бул өзүнчө бир чоӊ сөз, кезегинде айтып берербиз…

            Ошентип, бийлигиӊ болсо, алкаш аталарга да эстелик көтөрүлөт экен, мектепке атын берет экен, бийлик гана болсо болду…

            … Бакиев тушунда ИИМге министр болуп, дурус көөп, анан Талас эли бийликке  көтөрүлгөндө «алеки саата тынчытып келем» деп Таласка келип, ал жерден токмокту аябай жеп эптеп жаны калган Молдомуса Конгантиевдин аты Бишкектин бир көчөсүнө берилди дейт. Ошол көчөнү оӊдогон имиш… Адатта  тирүүлөргө көчөлөрдүн жана башка жайлардын аттары берилбейт. Роза Отунбаева президент болуп турган учурда «ким көчөлөрдү оӊдотсо, ошонун аты ал көчөгө берилет» деген түбүндө туура эмес чечим кабыл алынган болуш керек. Азыр элдин акчасынын эсебинен байыгандар аябай эле көп. Ошолор көчөлөрдү оӊдоп-түздөп туруп эле аттарын ошол көчөлөргө койдура бербейби.

Молдомуса Конгантиевдин атын «Тунгуч» тараптагы жаӊы конуштардагы көчөлөрдүн бирине койдуруптур. «Мен эч нерсе кылган жокмун, эл өзү эле коюшту» деп Конгантиев компоюп  турат. Конгантиевге кийин кайрадан кылмыш иши козголуп, анан эле «дым» болду. Сооронбай Жээнбеков  ошол ишке аралашып койду го?! Конгантиев Жээнбековдун президенттик шайлоосунда «буту-бутуна тийбей чуркаган» эмеспи!

          Ош шаарында Үсөн Сыдыков атындагы парк ачылган. Бу кишинин жеп-икендерин жазса, кагаз түтпөс! Эми ошол «эмгеги» бааланып, эми минтип атын паркка коюп жатышат!

                                                                       Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here