27-октябрда Лейлек районунун Бешкент айылында желкесине ок атылган 25 жаштагы жигит каза болгонун Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта: каза болгон жигит 27-октябрда саат 00:30 чамасында өзүнүн үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда белгисиз адам сайсыз курал менен арка жагынан ок атканы айтылат. Ок чыгарган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, 28-октябрь күнү кылмышка шектелип ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну Х.Д. өз үйүнөн кармалды. Анын ок аткан куралы да жанынан табылган.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here