Кыргыздын белдүү акыны АалыТокомбаевге таандык бул сөз биринчи кезекте элине кыйла эмгек кылып, артында өчпөс из калтырып кеткен инсандарга карата айтылып келет. Мына ушул таамай айтылган таасын сөз өмүрү өткөнчө элет жеринде жашап, элет жерин маданиятка, билимге сүрөп, өз элине татыктуу эмгек кылып кеткен Осмон уулу Касымалы атабызга бап келип турганын мезгил өзү бышыктап көрсөтүп турат.  Алгач  окурмандарга бул инсаныбыз 1927-жылы туулуп, 2010-жылы дүйнө салганын айта кетели.

26-октябрь күнү талантка бай, касиеттүү Жумгал жергесинде тарыхта жазылып кала турган олуттуу маданий иш-чара болуп өттү. Атап айтсак, Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн китепканасына жазуучу, журналист, “Эл агартуунун отличниги” Осмон уулу Касымалынын ысымы ыйгарылды. Ошондой эле Касымалы атабыздын басмаканадан жаӊы гана чыккан  “Касиеттүү улуу Манас жана алп урпактары” аттуу китебинин бет ачаары болуп өттү. 

Мына ушул эки иш – чараны бир  топ мезгилден бери республиканын булуӊ-бурчунда өтүп келаткан  “Бир адамдан китеп” долбоору да толуктады. Иш-чаранын көркүн КРнын Эмгек сиӊирген артисттери Токтобек Асаналиев, Айбек Саралаев,  жаш таӊдай акын Акматбек Султан уулу, ырчы Жоломан Үсөн уулу баштаган таланттар чыгарышты.

 Бул маданий иш-чарага Кыргыз Эл артисти, К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, Жогорку Кеӊештин депутаттары Кулбараков Абтандил, Исаев Канат, Керезбеков Канат, Турускулов Жыргалбек, Жумгал районунун акими Адыл Сапаров,  мыйзамды сактоо, укук коргоо тармагынын өкүлдөрү: Жетимишев Сазан, Канат Турганбеков, Мамыров Эркин, Алтынбек Алшүкүров баштаган бир катар белдүү, белгилүү инсандар катышып,  сөз алып сүйлөшүп, Касымалы атабыздын эмгегин баса белгилешти.

 Айрыкча,  Касмалы атабызды жакындан жакшы билип, кесиптеш, үзөнгүлөш болуп калышкан Жетимишев Сазан, Абакирова Калипа, Өткүлбек Жумалиевдер Касмалы Осмон уулу тууралуу нускалуу кептерди айтышты.

Эми Осмон уулу  Касымалы атабыздын өмүр жолуна кыскача сереп салалы. Ал Жумгалдын Эпкин  айылында жарык дүйнөгө келген.  Эмгек жолу кан күйүп, Улуу Ата Мекендик согуш болуп жаткан 1942 –жылы  15 жашында башталып, Көл-Арык мектебинде мугалим иштеген. Өзү өспүрүм куракта болсо да өткөөл мезгилдин сыноосуна сынбай, ар ишке жөндөмдүү, билимге, маданиятка ыктуу, шыктуу, өзгөчө ынтызар экенин көрсөткөн. Эмгек менен кошо тереӊ билим алууну да ийгиликтүү айкалыштырып: 1949-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Нарындагы мугалимдер институтунун кыргыз тили, филология факультетин, 1959-жылы КМУнун (азыркы Ж. Баласагын атындагы университет) филология факультетин, 1970-жылы Ысык-Көл колхоздор техникумун бүтүргөн. Касымалы атабыздын  15 жашында башталган эмгек жолу 45 жылга созулуп, туура 70 жашка (1987-жылы) чыкканда ардактуу эс алууга  чыккан. Жарым кылымга жакын созулган эмгек жолунда Жумгалдын, Суусамырдын бир катар айылдарында   мугалим, директордун окуу, тарбия иштери боюнча орун басары,  12 жыл бир нече мектепте директор, райондук Эл  агартуу бөлүмүндө жана колхоз-совхоздо да  жооптуу кызматта иштеген.

Осмон уулу Касымалы  атабыз көп окуп, көп изилдеп,  талантын таптап, кара сөз менен ырды бирдей жазып, чыгармаларын райондук, облустук жана республикалык гезит-журналдарга байма-бай жарыялап, анын ысымы ошол кезде узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетип турган. Бирок колу жооптуу иштен дээрлик бошобогондуктан жазуучулукка баш-оту менен кирип кеткен жок.

Ушул жагдайдан улам айта кетчү маселе, Осмон уулу Касымалынын чыгармаларын 1995-жылы Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлери атайын чогулушта карап чыгышып, китеп кылууга чыгарууга сунушташканы менен, кандайдыр бир себептер менен бул иш аягына чыкпай калган. Автордун өздүк архивинде ошол чогулуштун жыйынтыгы, ал тургай  китеп басууга 25 миӊ сом (ал кезде абдан чоӊ акча болгон) да төлөнгөнү боюнча тиешелүү кагаздар  бар экен.

 Анткен менен өзү айылда жашаса да  бир катар атак-даӊктуу жазуучулар менен чыгармачылык байланышта болуп, байма-бай кат алышып турганын өзүнүн архивдик материалдарынан көрүүгө болот. Өмүрү өткөнчө түшүрбөй Манасты, санаты кызык  санжыраны, олуя Куйручукту, айтылуу алп балбан Кожомкулду,  1937-жылдары репрессияланып кеткен өмүрү өрнөк залкар инсандарды изилдеп, иликтеп жазып, аны менен бирге поэзиянын түйшүгүн тартып, түмөн ырларды жаратып калтырып кеткени биз үчүн чоӊ олжо, бай мурас болуп калды. Өкүнүчтүүсү элеттик таланттуу калемгердин чоӊ эмгек менен жазылган чыгармалары көзү тирүү кезинде китеп болуп жарык көрбөй калган. “Эч болбосо кеч болсун” дегендей атанын таланты менен эмгегин жерде калтырбай, уулдары колго алып, 310 беттен турган “Касиеттүү уулу Манас жана алп урпактары” деп аталган китебин “Турар” басмасынан чыгарды. Бул китепке  автордун Манастын айрым окуяларын кара сөз менен жазгандары, олуя Куйручуктун окуялары (80-бет), Кожомкул тууралуу даректүү баяны 100  беттен ашат. Автор атактуу балбанды жакындан жакшы билген. Себеби, жаш кезинде Суусамырда мугалим, андан кийин мектеп директору болуп, Кожомкулдун далай нускалуу кебин, эрдиктерин өз оозунан уккан. Ошондой эле бул китептен  репрессия курмандыгы болгон алгачкы мамлекеттик ишмер Дуулатов Элчибекти да  иликтөө макаласын окуй аласыздар.  

Касымалы атабыз менен Ракыя апабыз 7 эркек, 3 кыздын ардактуу ата-энеси болушуп, алардын жетөөсүн жогорку билимдүү инсан кылышты. Бүгүнкү күндө бул инсандын Эсеналиев Күрүчбек, Осмонов Айдарбек баштаган уул-кыздары да атасынын жолун улап, элдин жүгүн көтөргөн инсандардан болушту. “Аккан арыктан” суу агат деген кеп ушул эмеспи…

Мындан ары Осмон уулу Касымалы атабыздын атын алып жүрө турган Түгөл-Сай айылдык китепканасы 1950-жылдары түзүлгөн.  5 миӊден ашуун китеби бар бул китепкана райондогу  мыкты китепканалардын бири. Имараты анчалык эскирип кете элек, көйгөйү аз, бирок дале болсо жаӊы,  жакшы китептерге муктаж. Бул маданий иш-чаранын алкагында китепкананын бир аз көйгөйлөрү чечилип, жүздөгөн жаӊы китептер менен толукталды. “Аты аталса куту сүйүнөт”  дегендей элеттик жазуучунун ысымы берилген бул китепканага: Кыргыз эл акыны Омор Султанов, КРнын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, профессор Тилектеш Ишемкулов, Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төргасы Назаркул  Ишекеев, “Кыргыз китеп” ишканасынын директору Талант Ормушев, “Улуу тоолор” басмаканасынын башчысы Жумадин Кадыров, Жогорку Кеӊештин бир катар депутаттары, Мурат Бегалиев, Канат Турганбеков жана башкалар баалуу китептерди белек кылышты. Ошондой эле башка партиялардан айырмалынып,  “Замандаш” партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов да аталган китепканага бир топ баалуу китептерди белек кылып берди. Эмесе, элине ак кызматын кылып кеткен Касымалы атабыздын атындагы китепканабыз ак жолтой болсун дейли. Баса, окурмандарга кулак кагыш. Касымалуу атабыздын чыгармалары бул китеп менен эле чектелип калбайт. Кудай  буйруса, сары алтындай сакталып  турган куржундагы кол жазмаларыр дагы бир нускалуу мыкты китеп болуп жарык көрөт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here