Айыл чарба министрин  ушунча жылдан “ бээ десе, төө” деген  бир топ ашмалтайлар башкарганы жалпыбызга маалым. Алардын аттарын атабасак да жакшы билесиздер. Азыркы министр Эркинбек Чодуев алардан ашып түшө албады, өзү деле бул кызматка   “куда саясатынын” күчү менен келди эле. Келгени курусун. Иштин көзүн да, сөзүн да билбеген бир байкуш экен. Буга чейинки бир катар министрлер министрликти  союп, жиликтеп  кетишсе, бул эрен ошол министрликти жилик-силиги менен жеп жутканын калганын анын ишин жакындан билгендер кан какшап айтып жатышат. Мындай көрүнүшкө кыргыздын мекенчил уулударынын бири, “Замандаштын” төрагасы Жеӊиш Молдокматов да чыдай албай, анын алешем иштерин айтып чыкты. Айтып эле тим болбосотон, Чодуевди, өкмөт башчысы менен кошо  дебатка чакырды. Чодуев дебат дегенде денеси дүркүрөп, башын катып, үндөбөй турат. Молдокматов эми 15 –ноябрда Айыл- чарба  министрлигинин  ишине баа берүү үчүн коомдук угуу өткөрө турганын билдирип жалпы коомчулукка чакыруу таштады. Ал иш-чарага саясатчылар,  эксперттер, фермерлер, журналисттер катышмакчы. Чын эле Чодуев министрликти таптакыр талкалап, “эки чайнап, бир жутуп” салганчакта  мындай көзөмөл иштерди күчөтпөсө болбойт… Ансыз да абдан оор ахыбалда болуп, “өлгөнү” турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here