Ички иштер органдарындагы эң негизги жүк, эң негизги оорчулук жана кылмышка эң акыркы юридикалык баа берүү тергөө бөлүмүнө түшөт эмеспи. Андыктан, Нарын ОИИБдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмчөсүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, милициянын майору, өзүн да өзгөчө инсан деп баалоого татыктуу Мусаев Үмөтаалы Жолдошович менен мектештик.

-Үмөтаалы мырза, дегеле милиция тармагын кантип тандап, канча жылдан бери бул жаатта иштеп келе жатасыз?

-Алгач эмгек жолумду 2005-жылы Нарын ОИИБнын Ак-Талаа РИИБинде нөөмөт бөлүмүнөн баштагам. Ал жерде эки жыл иштеп анан Кочкор РИИБде тергөөчү болуп иштегем. Ортодо Нарын шаардык ШИИБде, Кемин РИИБде төрт жылча иштедим. кыскасы азыркы иштеп жаткан ордума чейин көп эле жерлерде иштеп келдим. Өзүм он бир тууганмын. Чоң атам согуштун ардагери болчу, ал кишинин азыр көзү өтүп кетти. Бала кезимде чоң атам орден медалдарын тагынып чыкканда ал кишиге көзүм күйүп, суктанчумун. Анан өзүмдүн атамдын аскердеги сүрөттөрүн көргөндө мен да форма кийгим келчү. Кийин мектепти аяктап, Нарын мамлекеттик университетинин экономика факультетин окуп бүттүм. Өз кесибим менен иш караштыргычакты аскерге чакырып, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында кызмат өтөдүм. Аскер кызматынан келгенден кийин, баягы жүрөктүн түпкүрүндө чоң атамдын ордендери менен атамдын аскердеги формачан сүрөттөрү бар да, ошону менен кичинекей кездеги кыялымды ишке ашырайын деп форма кийип милиция кызматын тандап калдым.

-Көп жылдан бери тергөө кызматында келе жатыпсыз, ар бир адамдын өзүнүн ыкмалары болот эмеспи. Сиз иш учурунда кандай усулдарды, ыкмаларды колдоносуз?

-Биздин кызматта ар кандай адамдар менен иштешип келебиз. Кыргызда бир макал бар эмеспи «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп. Бирөөлөр алдап сүйлөйт, кээ бирөө коркуп сүйлөйт, дагы бирөөлөрү кайра кишини коркутуп сүйлөйт дегендей. Эң башкысы тергеп жаткан адам менен тил табыша билүү керек. Анан дайыма укук ченем актыларын окуп билип туруу зарыл. Ошого жараша тергеп жаткан адам менен сүйлөшө билип сурасаң, иш өз жыйынтыгын берет деп ойлойм. Биз ишибизде эч ким менен урушуп талашпай жумушубузду аткара беребиз, ал эми жинденип кыйкырынган жарандар менен мыйзам чегинде иш алынып барылат. Анча мынча адамдарга теңелип нервиңди бузуп, жаман көрүнгөндүн эмне кереги бар деп ойлойм.

— Кээ бир жарандар тергөө учурундагы иш процессинин узакка созулуп кетишине нааразыланышат. Тергөөдө кандайдыр бир чек же өлчөнгөн убакыттарга сыйбай иштердин узарып кетиши эмнеден улам?

— Ички иштер органдарында тергөө кызматы эң акыркы юридикалык баа берген кызмат болуп жатпайбы. Маселен ошол тергеп жаткан адамдын кыймыл аракетинде кылмыштын курамы барбы же жокпу деген өңдүү түкшүмөлдөрдөн улам кээ бир иштер көпкө созулуп калат. Адамдын тагдырын таразага салуу оңой эмес да, жакшылап тергеп, мыйзамдардын алкагына ылайыктап анан жыйынтык чыгарганга туура келет. Ошо убакытка чыдабастан кээ бир жарандар «Милиция создуктуруп жатат, иштебей коюшту» деген сөздөрдү чыгарып айта беришет. Биздин иште тергөөгө кириптер болгон ишин тергеп бүтүрүп берген жарандардын көпчүлүктөрү сүйүнүп, алкышын айтып кеткен учурлар аз эмес.

— Өзүңүз айтып калдыңыз ыраазы болгондор көп деп. Ушул жөнүндө эсиңизде турган бир окуяны баяндап берсеңиз?

— Биздин жумуш жөнүндө айтып отурса баары эле кызыктуу болушу керек. Баштан өткөн окуялар көп эле болгон. Эсеби маселен, Нарын жергесиндеги эл көбүнчө мал багып жашагандыктан көбүнчө мал уурулук менен иштер көп тергелип калат. Нарындан бир жарандын үч баш уюн түн ичинде уурдап кетишет, анан бизге арыз түшөт. Ошол арыздын негизинде ыкчам тергөө иштери алынып барылып, натыйжада уйларды кайсыл тарапка саткандыгы аныкталды. Уйлар Чүй районунун бир айылдарына сатылып кетиптир. Ошол жерден биз санкциянын негизинде уйларды кайтарып алып, машинага жүктөп алып келип ээсине тапшырып бердик. Анан баягы уйларды биз ээсине алып келип бергенден кийин эртеси үч уйдун бирөөсү тууп салыптыр.

Эртеси бизде күнүнкүдөй эле иш башталып өзүбүздүн иш бөлмөбүздө иштеп жатсак, баягы уйлардын ээси болгон эже келиптир, колуна жаңы тууган уйдун ууз сүтүн көтөрүп алыптыр «Силерге рахмат! Силер таап берген уюмдун бирөөсү түндө тууп койду, ушул ууздан ооз тийип койгула»-деп. Анан биз күлүп жөн эле коюңуз десек болбойт, «Силер болбосоңор ууз эмес уйларым табылбай калмак»-деп. Эми мейли деп уузунан жеп рахматыбызды айтып кетирсек, эртеси кайра келиптир сүт көтөрүп алып, «Ушул сүттөн ичип тур мен сага бир ай сүт алып келип берип турам. Сага рахмат!»-деп. Биз «Ой эже коюңуз» деп жатып бир жумада араң сүт ташыганын токтотконбуз.

Өз ишиңди жакшы аткарып элге жардамың тийип, ошол жардамың тийген адамдар бизге сүт ташыган эжедей болуп өзүнүн ыраазычылыгын билдиргенде, ушул иштеп жаткан ишиң менен сыймыктанып дагы да элге жакшылык кылсам, элге керегим тийип турса деп ойлоп калам.

— Милициянын элге көп эле жардамы тийип жатат. Бирок, негедир акыркы учурда интернет булактарында же башка маалымат алынуучу жерлерде, милициянын жакшы жактарын айтпастан жаман жагын көп чыгарып жатышат. Бул эмнеден деп ойлойсуз?

— Эми милиция кызматкерлери мыйзамды аткарган кызмат болгондуктан ошол мыйзам бузган адамды кармап же айып пул салганга алып барат. Маселен, бир жаран мас абалында тартип бузуп жатат дейли. Жанынан өтүп бара жаткан милиция кызматкери жөн эле «Сиз тартип бузуп жатасыз, үйүңүзгө барып эс алыңыз»-деп койсо ошол милиция кызматкерин жаман көрүп баштайт. Милиция кызматкерлеринин арасынан кичине эле тартип бузуу же башка терс көрүнүштөр болуп калса эле, «Мыйзам деп коюшуп өздөрү мыйзам бузуп жатышат»-деп уу-дуу кылышат. Биздин күнү-түнү ачка ток болуп жүрүп элге кылган жардамыбызда көнүмүш адатка айлантып «Ал милициянын иши да»-деп маани бербей жатышат. Ушундан улам элдин милицияга болгон пикиринде терс жагдайлар орун алуудабы деп ойлойм.

-Эмесе кеп нугун жеке жашооңуз тарапка бурсак

-Үй бүлөлүүмүн, эки кыз, бир уулум бар. Жумуш деп жүрүп  кечирээк турмуш курсам керек, балдарым али киченекей, бала бакчага барышат. Жакында ипотекага үй алдым, айлыгымдын көбүрөөгүн ошол ипотекага төгөм. Милиция кызматкерлери элге окшоп кредит да ала албайт экенбиз, айлыгыбыз аз болгондуктан биз каалаган сумма берилбейт экен. Анан эптеп ыгын таап ушул үйдү алгам. Келинчегим үйдө балдарым менен, Кудай буюрса баары жакшы десем болот. «Кыбыраган кырды ашат» деп келе жатабыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here