Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сотко күчтөп алып барышканын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Ал өз сөзүндө: « Адамды сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду соттук приставдар аткарышы керек болчу. Бул жерде УКМКнын кызматкерлери күч колдонуу менен алып келиптир. Бул мыйзамга туура келбейт.«- деп белгиди

Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттолуп жатканы жалпыга маалым

25-октябрда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну айрым күбөлөр суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.

Мындан соң сот Исаковду мажбурлап менен алып келүү жөнүндө токтом кабыл алган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here