ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.
2019-жылдын 25-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКке жаран Б.В. сотко чейинки өндүрүш боюнча маселени оң жакка чечип берем деп 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жаткан милиция кызматкерлерине карата чара көрүп берүүлөрүн билдирип, кайрылган.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча КЖБРге катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКтин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүсүнүн катышуусунда  опузалап пара талап кылууга шектелгендерди кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
2019-жылдын 25-октябрында ИИМдин жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын Анкара жана Ч. Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинен 10 000 сом акча каражатын талап кылган Свердлов РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Н.   кармалды.  Иликтөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жүргүзүүдө.
Ички иштер министрлиги жогорудагыдай кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүп, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди тактоо боюнча иштерин улантат. Азыркы учурда ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө жана башка иш-чараларды улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here