Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ экономика, соода жана өндүрүш министри Иссю Сугаваранын шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу айыпталып кызматтан кеткени үчүн элден кечирим сураганын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. Өкмөт башчы министр кызматтан кеткенден кийин журналисттер аркылуу:

— Сугавараны кызматка дайындоодогу жоопкерчилик менде турат. Жапон элинен кечирим сурайм, — деди Абэ.

Сугавара өзү парламенттик шайлоодо көп добуш алган райондун калкына майда-чүйдө белектерди — коон, күйгөндө жыпар жыт чыгарчу таякча жана гүл бергенин жазган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here