Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды. Учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан сот айыпталуучуну соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагыча камакта калтырды.

Атамбаев жалпысынан ондон ашуун кылмышка шектүү катары суралып жатат. Алар: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу ж.б.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here