Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кой-Таштагы окуяларда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн ЖМК аркылуу жар салды. Ал бул тууралуу мындай деп билдирген:

-Мен Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүздүм. «Калгың келсе кала бер» дедим. Каза болгондор жана жабыркагандар бар болгондуктан ал мен үчүн кылмышкер экенин айттым. Жанындагылар жабыркашын каалабасымды билдирдим. Ошондо ал мага «Кашкар байке, мен чыкпайм» деп жооп берди. Мен баары бир чабуулкоюларын айттым. Анан биз Атамбаев менен чыктык. Мен Кой-Ташта саат 15:30дан 19:00гө чейин болдум. Сүйлөшүү кандай өткөнүн айта албайм. Ал учурда мен Курсан Асановду көргөн жокмун.

Кийин ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, жүздөн ашуун адам жараат алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here