«Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Маралга» берген маегинде  Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди дебатка чакырды. Ал өз сөзүндө буларга токтолду:

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чодуевди кабыл алып, кызматка бекитип жатканда,  программасын сурайт. Ал эми парламент жыйынга келгенде  сүйлөбөй коюуда. Эгерде парламентте болбосо, дебаттан талкуулайлы. Бардык кагаздарды алып чыгып, бетине коюп берели. Премьер-министри да келсин. Мага десе, бардык аппаратын алып келсин, сүйлөшөлү.

Бирок Чодуев жетектеген министрлик жана министр өзү да Молдокматовдун түз дебатка чакырганына жооп кыла элек. Кыязы, дебат дегенден денеси дүркүрөп, жалтактап турса керек. Эмнеге дегенде, Чодуевдин элди ынандыра турган жөндү иши, кеби болбосо кайдан дебатка келе калсын. Мына министрлердин деӊгээли ушиндан эле билинип калат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here