Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана меллиорация министри  Эркинбек Чодуевдин чорт кыялы барган сайын ачыкка чыгып жатат. Өткөндө ал бөлүм башчыны министрдин орун басарына теӊеп, Кытайга иш сапар менен жибере турган болуп, анда бир абийири төгүлгөн. Эми бул ирет өзү жетектеген министрликтин алдындагы жайыт мал чарба жана балык чарба департаментинин жетекчиси Бакытбек Мамытканов журналисттерге жумуштан мыйзамсыз, күлгөнү үчүн эле алынганын, эми   Чодуевди мыйзамсыз иш аракеттери үчүн сотко бере турганын билдирди. Негизи эле Чодуев министр болгондон бери эле “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” болуп, кол алдындагылардын майда-чүйдө иштерине чейин кийлигишип, кууратып жатканы ачыкталган. Бул көрүнүш жакшы жагынан болсо го мейли дейли. Тилекке каршы тескери жагынан болуп келет. Себеби, Чодуевдин министрликти өнүктүрүүгө эмес, ансыз да өлүп бараткан мекемени биротоло өлтүрүүгө өтө жөндөмдүү экени эчактан ачыкка чыккан. Бийлик муну билсе да билмексен. Кыязы, бийликке ушундай жөндөмсүз кадыры, деӊгээли жок кадрлар абдан керек экени барган сайын байкалып барат… Бул темпи менен Чодуев жакын арада чокмор менен чокуга жеп, анан эс алганы калды окшобойбу?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here