Тоодогу чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миӊ 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушканы  маалым болду.  Бул иш-чара  Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин урматына уюштурулду.  Буга чейин Усубалиевдин ысымын улуттук Тарых музейинен тышкары борбор шаарыбыздагы Киев көчөсүнө жана шаардагы бир районго берүү сунушталганы менен, ал маселелер иш жүзүнө ашпай, бийлик ал сунуштарды сөз бойдон калтыруу ниетинде тургандыгы ачыкталып калды. Кыязы, ал көчө, имарат, орусча аталышы бар райондор ду бийлик төбөлдөрү кийинки өздөрүнө сактап жатышабы? Кеп мына ушунда эмеспи… Болбосо Усубалиевге бербеген кимге бергиси келишет. Баса, айтмакчы, мамлекетти 25 жылга жакын башкарып, гүлдөткөн  бул инсанга Бишкектин бир көчөсүн берүүнү ыраа көрбөй турганы кайсы акылга сыят? Маселен, мамлекетти 5 жылга жакын Масалиев аксакалдын ысымын көзү өтөрү менен Бишкекте жаӊы салынган Түштүк магистрал кеӊ көчөсүнө ошол замат, андан тышкары Ош шаарында да дагы бир чоӊ көчөгө да беришкен. Бул эки инсан теӊ Кыргызстанга чоӊ эмгек кылган, бирок Усубалиевдин эмгеги абдан жогору эмеспи. Ушул жагын билип турса да бийлик бул маселеде тескери саясат жасап жаткандай…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here