Темир байке, учурда эмне иш менен алектенип жатасыз, сизди «Табылга» деген кино тартып жатат дешет, ал эмне тууралуу кино?

—Азыр3-4 сценарийдин үстүндө иштеп жатам. Ар түрдүү тематикадагы кинолор. Ал эми, «Табылга» адамдын напсиси тууралуу кино. Адам бул жашоодо баарын каалайт. Бирок, баарына ээ боло албасын түшүнүшпөйт. Бирөө үч кабат үй салса, мен да салышым керек деп умтула беребиз. Бирөө депутат болсо мен да болсом дейбиз. Адам чындап келсе, өзү жүрөгүндө эмне каалаганын билбейт. Биздин жүрөктөрдү азыр байлык, бийлик ээлеп алды, ушул эң жаман нерсе. Мындай учурда адам өзүн жоготуп коёт. Адам өзү эмнеге жөндөмдүү экенин билсе жакшы болмок. Мисалы, айбандар өзүнүн жөндөмүнө жараша тирилик кылат. Бизге ой жүгүртүү тоскоол болот. Биз баарына жутунабыз, баарын каалайбыз. Адам напсисин тыя албаса жаман. «Табылга» киносунда ошол жөнүндө айтылат. Айтматовдун айтканы бар го, «Күнүгө адам болуу эң кыйын» деп. Башкы ролдорду Эгемберди Чалабаев, Сайра Момунбаева аткарат. Муну жалпы прокаттарга кетирбей, алгач фестивалдарга алып барам.

Сиз кино тартканда, идея биринчи келип, анан окуя издейсизби же бир окуяны көрүп, анан идея жаралабы?

—Жакшы суроо. Мен көбүнчө окуядан таасир алам. Кээде жөн эле бир жакшы адам таасир калтырат. Анын баскан-турганы, сүйлөгөнү. Кээде биздин жашоо-шартка туура келбеген адамдар болот, калыптан чыгып кеткен, эч кимге окшобогон. Жашоо ошол адамдар менен да кызык. Баарыбыз окшош, бир кылка жүрсөк, жашоо кызыксыз болуп калат эле. Көбүнчө окуядан таасир алам. Азыр айтып жаткан кинонун идеясы деле 4-5 жыл мурда кимдир бирөөлөр чоң суммада акча таап алып, кайра кайтарып бергенин уккам, ошол таасирден жаралган.

Менин окуучуларым кээде менден «Эмнени жазабыз?» деп сурашат. Мен «турмушту» дейм. Анан тапшырма берем, кимдер менен жашайсың, аны, кошуналарыңды байкап келчи деп. Кызыктуу кишилер экен деп келишет. Эң жакын адамыңдын портретин жазып кел дейм. Биринчи мактап келет, анан мындай жагы да бар экен деп кемчилигин айтышат. Бул — адамды таануу. Режиссура деле адам таануу. Каармандын образын жаратуу үчүн биринчи сырткы келбетин тартабыз. Анан психикалык портретин, мүнөзүн, оюн тартабыз. Окуучулар көбүнчөсү окуяны ойдон чыгарып алышат. Анан мен айтам, журналисттердин жазгандарын окугула деп. Анткени, журналисттер коомдогу бардык окуяларды айтып беришет, себебин жазып чыгышат. Мен идеяны көбүнчө реалдуулуктан алам.

Качан, кандайча режиссёр болом деп чечтиңиз эле?

—Биздин убакта кино көрүп жүргөн менен режиссёр жөнүндө түшүнүгүбүз жок эле да. Бирок, бала кезде сүрөттү жакшы тартчумун. Чоӊ атам Бирназар баккандыктан, аны «атам» деп эле айтчу элем. Ал киши окуганды билчү эмес. Анан «Манас», «Семетей», «Сейтек», кенже эпосторду, ар түрдүү дастандарды алып келип, китептин арасына тыйын салып коёр эле. Мен болсо тыйынга жеткиче кыйкырып-өкүрүп окуйм. Ал мага көп тарбия берди. Экөөбүз окуган китепти талкуулап, кээде уруша кетчүбүз.

Апам байкуш да окуума көп жардам берди. Эң биринчи жазганды апам үйрөткөн. Ал мени латынча окутуптур. «Иликбестен» окугам десе, мен деле ошентип жүрөм. Көрсө, 30-жылдары апамдарды «ликвидация безграмотности» деген программа менен окутуптур.

Мектепте сочинения жазганда, мугалимдер менен кошуналарды кошуп жазчумун. Ошондуктан, классташтарым менин сочиненияларымды укканга куштар эле. Мен анан бир нерсеге кирип алсам, токтоно албай калчумун. Ошентип жүрүп, Москвада театралдык институтка тапшыргам. Режиссёрлукту Ташкент, Москвадан окуйм деген тилектер ишке ашкан жок. 1985-жылы Ростовдогу кинохроника студиясында оператордун жардамчысы болуп эмгек жолумду баштагам. Кийин Алма-Ата шаарындагы театралдык институттун режиссёрлук факультетин окуп, аяктадым.

«Белгисиз маршрут» фильми кандайча тартылып калды эле?

—Студент кезде курстук ишке тапшырма берет, ар бир алты айда бир кыска фильм тартышыӊ керек. 3-курсту бүткөндө, документалистикадан экзамен тапшыруу керек деп калышты. Тема издеп жүргөм. Мартта каникулда Нарын шаарына келип, анан айылга жөнөдүм.

Сары «пазикке» түштүңүз…

—Ооба, ошол дайыма биз түшкөн сары пазик автобуска түштүм. Ичинде кудага баратканы, келе жатканы түшүп алган экен. Ошол автобуста эле бир эже арак сатып атат. Жолдон эки киши мушташа да кетти. «Түшүргүлө» дешип, сыртка чыгарса да болбой мушташышты. Кайра киришти. Жеңилип калганы ооруп жатат деп калышты. Көрсө талмасы бар экен. Аны алгач баарылып жаман көрүп атышкан, анан эле ооруганда ага суу берип, баары анын көзүн карап калышты. Бири-бирин тооругандар бар. Бир кезде бирөө ыйлап кирди. Көрсө, анын чоң атасынын сөөгү айылдан өтө алыс коюлуп калыптыр, тээ илгери. Аны сооротушту. Ошентип, эки саатта айылга жеттик. Ушуну документалдуу фильм кылып тартам деп ойлогом. Бирок, камерада баары тартиптүү болуп калат да. Анан жаздым, агайларым жактырышты. Кийин көркөм фильм кылып жаздым. Кызыгы, кино тарталы деп автобус издеп калсак, дал ошол автобус кабылды.

Кайдан тартылды эле?

—Чүйдөн тартылган. Замбиректи Кой-Таштан тартканбыз.

Кино тартканда, актёрлорду кандай тандайсыз?

—Тартканда эмес, сценарий жазып жатканда эле элестете баштайм. Менин кастинг жасабаганыма көптөр таң калышат. Биздин театрдын актёрлорунун диапазонун, амплуаларын жакшы билем да.

Кесиби артист болбой эле киного тартылып калгандар болобу?

—Болот. Мисалы, «Кумар» деген кинодо Калипа деген кыз башкы ролдо. Ушул кызды капысынан жолуктурдум. Башкы каарманга туфли издеп, «Бета Стореске» кирсем, турган экен, сырткы келбети төп келди. Сүйлөшсөм, сүйлөө манерасы, дикциясы да жакшы экен. Кийин кыздарды жиберип, сүйлөштүрүп көрдүм. Макул болду дешти. Айтмакчы, ал «Эң мыкты актриса» номинациясын алды. Кийин бир катар кинолорго чакырылды.

Кыялыңызда «Манас» же «Үркүн» сыяктуу кинолор жашайбы, деги эле кол жетпеген кыялдар тууралуу айтсаңыз.

—Мен ушундай бир кино тартсам деп ойлойм, ошол кинону тарткандан кийин уурулар уурдабай, калпычылар калп айтпай, таш боорлор ушундай боорукер болуп, бир нерсе көрсө эле ыйлап ийип, өңү сууктар супсулуу болуп калса. Менин кином чыккандан кийин бул жашоо ошондой керемет болуп өзгөрүп кетсе дейм. (күлүп)

Сиз бейишти жараткыңыз келет экен да…

—Билбейм. Балким, бейиштир. Менин андай кинолорду тартууга каражатым жок да.

Айтмакчы, «Бейиш», «Тозок» дешет эмеспи. Ушул кандай болду экен деп көп ойлончумун. Аркы дүйнөдө бейишке чыксаң, миң түрдүү даам келген жемиш жеп, перилердин курчоосунда болосуң дешет го. Анан мен ойлонуп башымды оорута берчүмүн, денебиз чирип кетсе, рухубуз кантип таттуу жемиштерди жеп, кантип ырахат алат деп. Ушуга индустардын бир акылманы жакшы жооп бериптир. Ал: «Тозок менен бейиш сенин түшүң сыяктуу»,- дейт. Түшүбүздө чын эле кээде ырахат алабыз, коркобуз, кээде кадимкидей кыйналабыз. Ошонун баарын эле сезесиң. Көрсө, сезимдин баары жан менен кошо келет экен да.

Каражат деп калбадыңызбы, сиздерге мамлекет тарабынан канчалык жардам берилет?

—Кечээ эле ушул маселе боюнча чакыртышыптыр. Ал жерде мындай сөз болду. Жеке менчик студиялар мамлекеттен акча албай эле кино тартып жатышат дешти. Эми мындай да, кино экиге бөлүнөт. Товарга жана чыгармага. Ырчылар деле ошол. Опера-балет искусство деп эсептелгени менен, андай концертке эч ким барбайт. Кинодо да ошондой. Мисалы, бизде улуттук баалуулуктарга, гуманизмге тарбиялап, же кайсы бир сүрөтчүнүн, жазуучунун тагдырын чагылдырган кино тартсак, ал акча алып келбейт. Бирок, биз акча эле дей бербей, коомду интеллектуалдык, моралдык жактан кармап турган нерсени жаратышыбыз керек да. Албетте, мен акча табам дегендерди күнөөлөбөйм. Алар философиялык же социалдык көйгөйлөрдү көтөрбөйт. Бирок, кинотеатрларга алар тарткан кинону көрүүчүлөр көп келип жатпайбы. Негизи кинотеатрга 17 жаштан 25 жашка чейинкилер барат. Алар эми философия менен баш ооруткусу келбейт да. А чынында чыгарма элге нравалык тарбия бериши кажет. Андай киного мамлекет тарабынан каражат бөлүнүшү зарыл. Болбосо коомдо бандиттер, уурулур көбөйүп, маданият жоголот. Андай мамлекеттин келечеги болбойт.

Окуу программасына кинону киргизип койгула деп айтып эле келе жатам. Себеби, балдар китеп окубайт. Бирок, кино аркылуу бир жарым саатта Чыңгыз Айтматовдун бир чыгармасын түшүндүрүп берсе болот. Ошо менен катар эле алар Таттыбүбү, Чокморов, Күйүкова, Жумадылов ким болгонун түшүнөт. Ошол 50 баланын ичиндеги татары да, уйгуру да кыргыз болуп чыгат, кыргыздын маданиятына сугарылат. Мына улуттук идеология ошол жакта.

Мамлекет азыр кайсы тармакка басым жасап жатат? Спортко. Макул, мен да бир кезде спортсмен болгом. Бирок, тилекке каршы, азыр бизде жазуучуларга, илимпоздорго, мугалимдерге — акыл уюткусу болгон адамдарга колдоо жок болуп жатпайбы. Кээде наам берип коюшат. Азыр эмне кино тартылып, эмне чыгармалар жазылып жатат, көңүл бөлгөн адам жок. Мамлекет коомдун интеллектуалдык деңгээли кандай экенин, азыркы тил менен айтканда, айкьюсу канча, кызыкпайт.

20 жыл мурда киного баруу, китеп окуу мода болчу. Ушул адат ошол кездеги коомдун интеллектуалдык деңгээли кандай экенин айтчу. Мен азыркыга чейин Пушкин, Лермонтовдун ырларын жатка билем. Азыркылар узундук, бийиктик деген эмне экенин билишпейт. Мен жарманын формуласын чыгара албай, бир дептер толтургам. Аябай кызыккам. Азыркылар ага да кызыкпайт. Азыр адамдын баары робот сыяктуу. Ичет, жейт, иштейт, уктайт. Бири-бирин сыйлагысы келсе, толтура тамак жасашат. Бири-бирине китеп беришпейт, руханий нерселерге көңүл бөлбөйт. Эң жаманы — азыр адамдын акылына эмес, байлыгына, бийлигине карап мамиле жасайт. Тилекмат аке, Мойт аке, Сарт акедей акылмандар байлыгы менен эмес, акылы, сөзү, абийири менен калган. Ушуларды ойлосом, көңүл өтө чөгүп кетет

Сиз тарткан кинолордун дээрлик баардыгы эл аралык сыйлыктарды алып келди. Ошондо акчалай да сыйлыктар берилеби?

—Негизи фестивалдар кесиптик деңгээлиңе баа берүү үчүн уюшулат. Азыр менин «Түнкү кырсык» деген кином прокатта жүрүп жатат. Кыргыз киносунун тарыхында Кытайга прокатка берилген эң биринчи кино болуп калды. Алар 10 жылга чейин көрүшөт. Бул мамлекетке эң чоң каражат алып келет. Мен ушу менен мамлекетке материалдык жактан да салым кошконума сыймыктанам. Азыр «Табылга» деген кино 50 пайызы мамлекет, 50 пайызы өзүмдүн каражатыман тартылып жатат.

Менин чыгармаларым азыркы көрүүчүлөрдүн табитине туура келбейт экен, оор. Болбой эле акыл үйрөтө берет экенмин. Жакында «Ата-Тоо» кинотеатрында «Кош келиңиз, Президент» деген кином жүрдү. Ага деле 3-4төн киши келиптир.

Убакытты кандай пайдаланасыз?

—Убакыт мени пайдаланат го. Биз убакыт өтүп жатат дейбиз, ал ордунда эле турат, биз өтүп жатпайбызбы. Убактымдын көбүн окуп, кино сенарий жазуу менен өткөрөм.

Жалгыз калганда, көбүнчө эмне жөнүндө ойлойсуз?

—Өлүм, өмүр — ошону ойлойм. Мисалы, өлүм болбосо өмүр болбойт эле да. Адам өлүмдөн коркот. Эгер адам өлүмдөн коркпосо, адам болбой калмак, жашоонун баркы болмок эмес. Ошондуктан, жашоонун маңызы өлүм. Өлүм болбосо, тукум улагыбыз да келбейт эле. Андыктан, жашоону тазартып турган нерсе да – өлүм.

Анан коомубуздагы оош-кыйыштарды ойлойм. Азыркы система адам баласына акыйкаттык алып келе албайт. Бул системанын баары 100 жыл мурда жашаган адамдарга карата жазылган. Азыр адамдар башка, алардын аң-сезимине шайкеш система жок. Учурда адамдардын баары эмнегедир нааразы, бардык жерде митингдер, революциялар болуп жатат.

Азыркы адамдын аң-сезимине, каалоосуна ылайык система түзүү мүмкүнбү?

—Эмнеге мүмкүн эмес. Жак Фреско келечектеги коомдун моделин түзүп чыккан. Бирок, аны эл түшүнгөн эмес. Ал мамлекеттик түзүлүштү такыр башкача жазган. Анын жазганы боюнча, учурдагы башкаруу институтунун баары жоюлат. Өзүн өзү башкаруу болот. Адам абийирине баш ийет. Азыр бири-бирин башкарып жатпайбы. Башкаргандарга караганда жөнөкөй адамдардын деңгээли жогору. Ошону үчүн нааразылык өкүм сүрүп жатат. Азыркы депутаттардын деңгээлин көрүп атасың, бандиттер, соодагерлер жана башкалар. Учурда коомду өнүктүрүп-өстүргөн мыйзамдар болушу кажет. Бизде система илгерки боюнча калып, адам акылы өстү. Өкүнүчтүүсү, моралдык жактан артка кеттик.

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here