ИИМде министрдин орун басары болуп 9 жыл иштеген  Курсан Асановду Кой-Таш окуясы менен «жыга» чабышкандан кийин, анын ордуна шашылыш түрдө  Памир Асанов дегенди дайындай салышкан. Анысы болсо атагынан чатагы арбын РАИММИЛЛИАРДдын кудасы болуп чыккан. Коомчулукта бийликке катуу сын айтылып, Жунушалиевди да кызматтан алуу маселеси кабыргасынан коюлган. Бирок бети жокторго айла жок экен. Элдин талабын эч эле укпай келишет. Астаканович болсо ИИМди өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө аракет кылып жаткандай. Болгон дарамети ошол окшобойбу. Памир Асанов болсо 16 –октябрь күнү 55 жашка толду. Бул деген  пенсия курагы, кызматыӊды тез бошот дегенди түшүндүрөт. Мыйзамга ылайык  Жунушалив ошол күнү эле Асановго калпак  кийгизип, чапан  жаап, сый тамагын берип, жолго салышы керек болчу.  Андай кыла элек. Айрым бир маалымат каражаттары  Асановго генерал чинин берүү аракети көрүлүп жатканын жазып чыгышты. Бирок ИИМ бул тууралуу ак дагы, көк дагы дей элек. Эгер Асанов генерал наамын алса, анда Кыргызстанда аты бар, заты  жок генералдардын  саны өсөт. Иттики  десе…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here