“Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасына мамлекеттик ишканалар менен турак — жай обьектилерди жана жеке сектордогу тургундарды кыш мезгилинде жылуулук менен  талапка ылайык камсыздоо милдети жүктөлгөн.  “Өтүгү жокко өзүм барам, тонду барга салам айт” деп кылычын жалаӊдатып кыш  мезгили жакындап келди. Андыктан кышка даярдык иши  ушул күндөрү күжүлдөп кызуу жүрүүдө.  Аталган ишкананын   күз-кыш айларына карата даярдыгы, материалдык-техникалык базасы ж.б. бир катар актуулдуу  суроолор менен  башкы директор Нургазы Нишановду сөзгө тартып, тармактагы  абал тууралуу пикир алыштык.

—Нургазы Нурланович, алгач өзүӊүз жетектеген ишкана тууралуу окурмандарга маалымат берсеӊиз?  

—Жалпысынан «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын карамагында 131 откана бар. Тактап айтканда, Таласта – 4, Чүйдө – 41, Жалал-Абадда – 26, Нарында – 23, Ысык-Көлдө – 31 жана Ошто – 6 откана иштеп, жылуулук тармагында калкка ийгиликтүү кызмат көрсөтүп келүүдө. Алардын ичинен 19 откана газ,  27си мазут, 53ү көмүр,  32си электр энергиясы менен иштейт. Ал эми  жылуулук түтүктөрүнүн  жалпы узундугу 343,4 чакырымды түзөт.

—Быйылкы кышка даярдык кандай жүрүп жатат?

—2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чаралары өз графигинде өтүп жатат. “Кыштын камын жазда көр” дегендей ушул жылдын 19-апрелинде “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасы тарабынан техникалык кеңешме өткөрүлүп, 2019-2020-жылга күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча отканалардын жабдыктарын оңдоп-түзөө иштерин өз убагында аткарууга жетишүү үчүн жетекчилик тараптан катуу талаптар коюлган. Оӊдоп-түзөө иштерин туура уюштуруп, ишти жөнгө сала албаган мекеме жетекчилерине эскертүү берилүү менен  жетекчилик тарабынан филиалдардагы аткарылчу  иштерге  көзөмөлдү күчөтүү  тапшырылган. 2019-жылдын 1-октябрь айына карата «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын аймактардагы филиалдарында көмүр сатып алууга тендер өткөрүлгөн.Тендерден уткан аткаруучу ишканалар менен келишимдер түзүлүп,учурда отун кампаларга жеткирилип жатат. Социалдык обьектилер менен жергиликтүү калкты кыштан жылуу чыгаруу максатында каралган каржы маселеси өз убагында чечилген. 2019-жылга оңдоп-түзөө иштерине жумшалчу акча каражатынын суммасы 97000,77 миң сомду түзгөн.   Быйыл 19-сентябрга карата жалпы оңдоп-түзөө иштерине көрсөтүлгөн каражаттын 87941,9 миң сому сарпталды. Ошондой эле оңдоп түзөө жумуштарынын  аткарылуусу  учурда 90,7 пайызды түзүп, жылуулук түтүктөрүнүн 64,445 чакырымы оңдоп-түзөөдөн өттү.  

-Жылуулуктагы жоготууларды азайтып, отунду үнөмдөө үчүн кандай иш-чаралар аткарылууда?

—Социалдык обьектилердин катарын түзгөн оорукана, мектеп,административдик мекемелердин эшик, терезелеринин заман талабына ылайык пластик эшик, терезелер менен жаңыланып,жакшы жабылып туруусу,суук кирүүчү жыртык –тешиктердин жок болуусу жылуулукту үнөмдөөнүн биринчи булагы болуп эсептелет. Өндүрүштүк талдоо көрсөткөндөй, иш жүзүндө жылуулук тармактарындагы жоготуулардын азаюусу, отундун чыгымдалышын үнөмдөөгө алып келет. Мындай аракет мекемелердеги  ийгиликтердин жетишүүсүнө себепкер болмокчу.

—Сиз жетектеп жаткан ишканадагы отканаларды жаңы заманбап тейлөөгө өткөрүү максатыӊыздар барбы? Же бул маселе баягы эле каражатка такалып турабы?  

—Отканаларды жаңыртып, жаңы заманбап тейлөөгө өткөрүү үчүн өзгөчө көңүл буруудабыз. Мисалы:  Токмок,  Чолпон-Ата, Кант шаарларында жана Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан жылуулук берүүчү ишканаларыбыздын отказандарын жаңылатуунун үстүндө иштеп жатабыз. Каражат маселесине жараша мындай иштерди дагы да күчөтөбүз.

Сиздердин ишканадан жылуулук алган мекемелер, жеке секторлор ишканага бир топ карыз болуп калган учурлар кездешип келет. Алардан дебитордук карыздарды чогултуу  маселеси кандай ишке ашып жатат?

—Борбордук жылуулук  жабдуусуна кошулган  калкыбыздын ичинен 44 591 абонентти түзөт. Алардын  259ун бюджеттик, 46ин коммерциялык, 139ун жана башка  мекемелер, 80ин окуу жайлар 80ди, 40ын бала бакча түзөт.

Ушул жылдын башынан 1-октябрга чейинки аралык ичинде 685479,25 миң сом эсептелип,  684329,30 миң сом чогулду. Бул көрсөткүч  99,83 пайызды түзөт. Калк боюнча эсептөө 305984,73 миң сомду түздү. Эсептөөдөн түшкөн акча каражаттары 301663,93 миң сом же болбосо, 98,59 пайызды камсыз кылды. Республикалык бюджет боюнча 117252,30 миң сом эсептелип, андан 114102,70 миң сом чогултулуп, аткаруу 97,31пайызды түздү. Жергиликтүү бюджет боюнча 239988,44 миң сом эсептелсе, 245696,60 миң сом чогултулду. Башка мекемелер боюнча 22253,78 миң сом эсептелинип, 22866,07 миң сом чогултулуп,  план 102,75 пайызга аткарылды.

—Абоненттердин жылуулук үчүн карыздарын өз убагында  төлөөдө көйгөйлөр жокпу?

—Тилекке каршы калктын 10 пайызга жакынынын жылуулукка төлөө жөндөмдүлүктөрү төмөн. Анткени элибиздин көбү тышкы миграцияга чыгып кетип, көп кабаттуу үйлөрдөгү көптөгөн батирлер бош турат. Ошентсе дагы жылуулукка болгон төлөмдөрдү өз убагында топтоо үчүн ай сайын филиалдарга барып коюлган пландын аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүлөт. Карызы өтө көбөйгөндөр тууралуу сот органдарына  кайрылып, өндүрүп алып турабыз.

—Социалдык жактан колдоого муктаж  жарандарга жеңилдиктер  берилеби?

—Жылуулук энергиянын өздүк наркынын жана социалдык корголгон тарифтин ортосундагы айырманы жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жыл сайын калк үчүн субсидияларды бөлүп берет. Субсидия отун даярдоого, карыздарды жабуу жана жылуулук берүүчү жабдыктарды оңдоп калыбына келтирүү иштерине сарпталат.

Алсак, 2019-жылга бекитилген бюджеттеги субсидиянын суммасы 1249860,4 миң сомду түзгөн. Анын ичинде жылуулук берүүгө 1221748,7 миң сом, Миң-Куш айылынын турак жай-коммуналдык чарбасын колдоого 13938,1 миң сом, республикалык атайын адистештирилген комбинатка 14173,6 миң сом каралган.

—Нургазы мырза, эми кеп соӊунда сиз жетектеген ишкананын алдында кандай жаңы  максаттар бар экендиги тууралуу учкай айтып бериӊиз?

—Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатты үнөмдүү пайдалануу, кардарларды жогорку деңгээлде тейлөө жана кызмат көрсөтүү, отканалардагы от казандарды жаңы технологиядагы заманбап отказандарга алмаштыруу, жер алдындагы инженердик курулуштарга курулган жылуулук кубаттуулук өтүүчү суу түтүктөрдү жаңыртуу, жылуулук кубаттуулугун иштеп чыгарып жаткан учурда тобокелчиликтен арылуу, жылуулук колдонуучулардын санын көбөйтүү, башкаруу түзүмүн жана штаттык ченемдерди оптмалдаштыруу сыяктуу программаларды ишке ашыруу максаттары бар. “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасы күз, кыш мезгилинде жылуулук энергиясын пайдалануучуларга жакшы шарт түзүп берүүнү колго алат.Калкыбызга үзгүлтүксүз жылуулукту камсыз кылуу менен кардарлардын жылуу жакшы шартта жашап, кыштан жагымдуу маанай  менен чыгуусун кааламакчымын.     

Н. Олжобаев

                                                                               

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here