Жогорку Кеңештин Бактыбек Райымкулов деген депутаты бар. Жерлиги Чүйдун Кара-Балтасынан. 2012-2015-жылдары Панфилов районунда аким болгон. 2015-жылы Бабановдун партиясы менен ЖКга депутат болуп келген. Андан бери 4 жыл өтсө да парламентте өзүн татыктуу көрсөтө алган жок. Бирок ошого карабай өзүн көрсөтүү аракетин кылып, парламентте көтөрүлгөн маселелердин ар бирине өз ою туура же туура эмес болсо да туура калып кол көтөрүп айта салмайды абдан өздөштүргөн. Ошондон улам популист депутаттардын катарынан ардактуу орун алган. Чынында бул депутат өзүн укмуш акылдуу, кыйын сезет. Амбициясына чек жоктой… Жыл сайын өзүнүн туулган күнүндө туулган айылында миллиондогон каражат чачып, оюн — зоок өткөрүүнү салтка айлантып алган. Улуттук оюндарды өткөрүп, баалуу байгелерди коюп, өзүнө карата айтылган мактоолорго манчыркаганды абдан жакшы көрөт. Райымкулов бул ирет дагы туулган күнүндө оюн-зоокторго 3 автоунаа сайып, болушунча сайрандады. Көңүл ачуу, максатсыз, ушундай майда ишке сарпталган миллиондорду жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук катары берсе, элге да, Кудайга да абдан жаккан иш болбойт беле… Же Бактыбек мырзанын бар деңгээли ушундай байлык, көңүл ачуу, мактануу менен эле чектелгенби? Шайлоого жакындап калганда элге алынуу амалыбы? Эл деле азыр мындай мактанчаактардан тажап бүттү. Баса, бул мактануу Матраимовдордун кланынан жуккан оору эмеспи деги?

Кудайым буйруп, 20-21-октябрь күндөрү "Жаштар Ынтымагы" Көк-Бөрү" боюнча мелдешти ийгиликтүү өткөрүп алдык. Чүй облусунун райондор арасында тай казанда 4 команда ойноду 1-орун Жайыл району2-орун Сокулук району3-орун Панфилов району4-орун Чүй-Токмок командасы 40 жаштан жогорку оюнчулар арасында 8 команда катышты, Чүй облусунан 6 команда катышты, Ысык-Көлдөн 1 команда жана Таластан 1 команда катышты.1-орун Сары-Өзөн2-орун Кең Талас3-орун Ысык-Көл курама командасы алды4-орунду Москва району алды.50 жаштан жогорку жаштагылар арасында 3 команда катышты.1-орун Аламүдүн району2-орун Москва району3-орун Жайыл району алды.Ал эми жер улак боюнча оюнда1-орунду Бөрүлү командасы багындырды2-орунду Военно-Антоновка командасы алды3-орун Суусамыр командасына тийди4-орунду Панфилов району алды.Жалпысынан 80ден ашык команда катышты, тай-казанга 15 ал эми жер улакка 67 команда катышты.Баардык оюнчуларга жана конокторго сый тамак берип, "Жаштар ынтымагы" көк-бөрү боюнча мелдешти кырсыгы жок, ийгиликтүү өткөрүп алдык.

Опубликовано Бактыбеком Райымкуловым Четверг, 24 октября 2019 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here