М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин 1995-жылдардан бери башкарып келаткан Камчыбеков Төлөгөн Кадыралиевич   ушул айдын этегинде ээрден жылмышып, эс алууга кетет экен. Себеби, жетимиш жашты желкелеп турат.  Эреже боюнча боюнча  кийинки ректор жамааттын шайлоосу аркылуу келиши керек. Өкмөт анан  шайлоого катышкан талапкердин ичинен өзүнө ийкемдүүсүн (добуш жетиштүү, же жетишсиз алса деле) бекитип коёт. КЭУну менчигиндей башкарып,  баарын колго алып калган Камчыбеков Төлөгөн  КЭУда  иштеген өзүнүн иниси Алмаз Кадыралаиевди сүрөп, ордуна ректор кылып олтургузуп кетүүгө бүт күчүн үрөп жатканы маалым болду. Төрдү араӊ бошотуп жаткан Төлөгөн аксакал КЭУну чын эле менчигиндей көрөбү? Же бул окуу жайда үй-бүлөлүк башкаруу орун  алганбы? Баса, Камчыбековдун  чейрек кылымдык ишмердүүлүгүн ирети менен тыкыр иликтеп чыкса,   далай илинчиктер чыгаары бышык. Өкмөт бул маселеге кандай чара көрөт болду экен. Абылгазиев окуу-жайлардагы, ар кандай мекемелердеги үй-бүлөлүк башкарууларга катуу көзөмөл кылып турбаса, бул көүнүш өөрчүп кетиши толук мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here