Маалым болгондой Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөлөргө 2018-жылы алты генералдын аты ыйгарылган. Анын ичинен бир көчөгө Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилгени катуу сынга алынып жатат. Ал буга карабастан ЖМКларга бул маселе боюнча сыймыктанып жатканын айтты.

Мурунку министр: «Көчөгө атымды коюп жатканын мен уккан эмесмин. мага башкалар айтышты. Каршы болгон жокмун. Ыраазымын, анткени мени эле сыйлап татыктуу деп табышты да. Коңшулаш көчөлөргө аты ыйгарылган генералдардын көзү өтүп кеткен», — деген.

Конгантиев 2008-2010-жылдары ички иштер министри болуп эмгектенген. 2010-жылы 6-апрелде Таласта митинге чыккан элди басам деп барып таяк жеп, бир ажалдан калган. Кийин ага кылмыш иши козголгону менен, жоопкерчиликке тартылган жок. Жээнбековдун бийлигианы актап жиберген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here