Ырчы, опера жана балет театрынын деректири Каримберди Турапов 2014-жылы жер тилкесин бөлдүрүп алып бир нерсе кура турган болуп, ошол жердеги бак-дарактарды кыйдыра баштаган. Шаардын башкы планы боюнча ал жер жашылдандыруу зонасына кирип, ал жерге беш жылга гана жеӊил курулуштар курула тургандыгы жөнүндө мыйзам болсо да Туурапов аны уруп койбой курулушун токтоткон эмес. Беш жылдан бери соттор Тураповду колдоп келишти. Эми гана ал жердин ижарасы үчүн 19 миллион 545 миӊ сом төлөнө тургандыгын, ал төлөнбөсө жер тилкеси мэрияга кайра алына тургандыгы жөнүндө соттун чечими чыкты.  Эми эч нерсени көзгө илбей жүргөн Тураповдун «кешиги» кемшейе турган болду!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here