Кыргызстанда 2010-жылдан кийин «коррупциянын символу» катары сыпаталып, жедеп жек көрүндү болуп бүткөн УКМКнын мурунку төрагасы Кеӊешбек Дүйшөбаев өткөндө «Кыргызстан» партиясынын курултайына катышып, анан эле аталган партиянын саясый кеӊешине кирип калганы элдин кускусун келтирген.  Бул деген Дүйшөбаевдин шайлоого Канат Исаев төрагалык кылган партия менен катышат дегенди түшүндүрөт. Ушунлай чала саясатчы күндүзү бул партиянын лөктөрүнө күшүлдөп жүгүрүп жүрсө, түнкүсүн мазарларга барып сыйынп жүргөн кези. Маселен, ал жакында Кочкордогу Кочкор-Ата  мазарына барып зиярат кылып келиптир. Кыязы,  келаткан шайлоодо «парламентке барып, бакыйган   «жепутат» болуп калайын» деп сыйынса керек. Эмне деп сыйынса деле, шайлоого жакын көп кыймылдап, «шыйпаӊдап» калганында бир мандем бар. Же чоӊ кызматтардагы коррупциялык иштерди иттей сагынып, куса болуп жүрөбү? Түгөттүкү десе…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here