Алтынбек мырза, жакында Украинага иш сапар менен барып келдиӊер?Ал иш сапар мамлекетибизге кандай пайда тийгизе турган…

—Биз Украинага депутаттар Абдывахап Нурбаев, Гүлшат Асылбаева, Экономика министрлигинин жана Байланыш комитетинин тиешелүү адистери барып келдик. Ал мамлекеттен биз Электрондук коммерция маселесинин чоо-жайынан, пайдасы-зыянынан кабар алып, иш жүзүндө көрүп келдик. Чынын айтканда , бул багытта биз бир топ артта калып калыптырбыз. Өнүгүп  жатса да туура эмес нукта өнүгүп жатканы байкалды.

—Мисалдарды келтирсеӊиз?

—Мисалы, бизде бир катар жылдардан бери иштеп  келаткан “Яндекс” таксини айталы. “Яндекс” таксинин негизиги борбордук кеӊсеси Евпропа өлкөлөрүндө, биздин мамлекеттин элине кызмат көрсөтүү катары филиал болуп ачылган. “Яндекстин” баары электрондоштурулган, интернет  аркылуу да кызмат көрсөтөт, айтор бардык шарттар бар. Бирок ошол эле учурда чет мамлекеттен келип иштеп жаткан компания катары мамлекетке чоӊ пайдасы жок,   аз эле акча төлөйт. Биздин укканыбызга караганда  “Яндекс” такси биздин элге кызмат көрсөтүп, бир жыл ичинде 2 миллиондон 3 миллион долларга чейин таза киреше табышат экен. Алар  ар бир кызмат көрсөтүүдөн 7 сомдон пайда көрүшөт, салыгы болсо 70 эле тыйын. Аны да өздөрү төлөбөй мамлекет  төлөйт.  Бүгүнкү учурда  “Яндекс” бир күндө 30 миӊден 50 миӊге чейин буйрутма алып иштейт экен. Кыргызстанда иштегени эки эле адам экен. Бирөө директор, экинчиси бухгалтер. Эми 50 миӊге чейинки буйрутмадан түшкөн каражат  кирешени эсептей бериӊиз.   Чет мамлекеттен келген компаниялар биздин мыйзамдардагы ушундай мүчүлүштүк, боштуктарды пайдаланып,  миллиондогон доллар каражаттарыбызды сыртка чыгарып кетип жатышат.

—Биздеги  мындай көрүнүш Украинада кандай экен?

—Украинада  мындай көрүнүштөр тартипке салынып, атайын мыйзамдар менен иштейт экен. Дагы бир мисалды айтайын. Интернет айдыӊындагы “Лалафо” электрондук аянтчасын жакшы билебиз. Биздин элдин алып-сатуу багытына жакшы жардам көрсөтүп жатышат. Мына ошол “Лалафону” украиналык балдар ачышыптыр. Борбордук кеӊсеси Украинада жайгашкан.  Биз алар менен жолугуп, пикир алыштык. Алар бизге өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча  маалымат беришти. “Лалафону” Кыргызстанга эле эмес, мурунку СССР курамына кирген  өлкөлөрдүн дээрлик баардыгына эле ачышыптыр. Кыргызстанда  “Лалафодо”  40 адам иштейт экен.  Бирок мамлекетке тийгизип жаткан пайдасы мизирдик өлчөм болуп саналат. Алдыда дагы көп максаттары бар. Азыр алар электрондук аянтачадан алып-сатууга кызыкдар эки адамды эле жолуктуруп коюу да. Эми жакынкы убакта алар биздин  логистикалык борборго өтө турган товарларды “Лалафонун” электрондук аянтчага коюп, сата баштай турганын, бара-бара “Лалафону” жаӊылыктар сайты кыла турганын айтышты. Бирок биздин базар аз дешти, жакында Казакстанга да ачышат экен.   Биз дагы аларга сунуштарыбызды айттык.

  Мына ушундай багыттарда кызмат көрсөтүүлөрдө  дүйнөгө таанымал компаниялардын эрежелери бар. Биз мына ушул багытта Украина менен Белоруссиянын тажрыйбасы менен таанышып келдик. Мисалы, Белоруссияда жаӊы технологиялардын паркы  бар экен. Ал паркта  дүйнө жүзү  боюнча программисттерге  шарттарды түзүшүптүр.  Ал жерге катталып кирсеӊ, сага салыктан бошотуу жана виза алганга да жардам көрсөтүлөт экен. Белоруссиянын жаш балдары интернет желесинде  “World of Tanks” деп аталган  оюнду ишке киргизишиптир.  Алар ошол оюндун аркасы менен жылына  600 млн. доллар табышат экен. Муну менен мен биз  бул багытта башка өлкөлөрдөн артта калбай, биздин талантуу жаштарыбызга шарт түзүп берүү жагын да унутпашыбыз керек дегенди айткым келет.

—Ушул иш сапардан кийин силерде Электрондук коммерцияны жөнгө салуу, мамлекетке пайдасын талапка  ылайык түшүрүү багытында мыйзам долбоорун жазуу  ниети пайда болдубу?

—Кудай буйруса, бул багытты тыкыр иликтеп чыгып, өкмөт менен сүйлөшүп, эрежелерди, шарттарды, талаптардын баарын иретке келтирип, ошонун баарын жөнгө сала  турган мыйзам жазсак болот. Эми бул келечектин иши. Жакында эксперттер менен да жолугуп, талкуулайбыз. Чынында биздин айти-технология  багыты менен иштеген таланттуу жаштарыбыз да тиешелүү мыйзамдарга муктаж болуп келишет. Бул жагынан да биз сөзсүз жардам беришибиз керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here