Алтынбек мырза, жакында парламент жыйынында мамлекетке карыз болуп, көп жылдан бери төлөбөй келаткан мамлекеттик ишканалардын миллиондогон карызын кечүү боюнча маселе көтөрүлгөнүн жакшы билесиз. Алардын арасында айрым жеке адамдардын, албетте жөнөкөй эмес, атка минер, ири ишкерлердин да карызы бар экени айтылып, кызуу талкууга түштү. Бул маселеге сиздин көз караш кандай?

—Негизи бул маселе азыр эле көтөрүлүп калган жери жок. Биринчи жолу парламентке  2015-жылы эле келген. 1995-жылы Манас-1000 мааракесине карата мамлекеттик ишканалар Түркиядан акчалай эмес, жаӊылбасам 50дөй автобус алышкан. Ошол карыз эмдигиче төлөнбөй келатат. Бүгүнкү күнү ал автобустардын көбү жарактан чыгып, колдонулбай да калыптыр. Карыздын пайызы болсо ошондон бери өсүп жатат. Биз тактап сураганбыз. Ал автобустар ижарага сезон маалында 3000 долларга чейин берилип келиптир. Ошол ижарадан түшкөн акчанын дайынын так айта алышкан жок. Ошондо биз бул мыйзам долбоорун четке какканбыз. Чындап келгенде ошол ижарадан чогулган каражат менен карыздын баарынан болбосо да бир топ бөлүгүнөн кутулууга болмок. Тилекке каршы, андай болбой калыптыр. Бирок бул карыз кечүү маселесинин айрым бир жагдайларын колдосо болот. Мисалы, Балыкчыдагы шаарды суу менен камсыздаган “Таза суу” мекемесин алсак, бул мекеме башында башкача аталчу. Ошол мурунку мекеме электр энергия, соцфонд жана башка карызга батып, банкрот болуп жарыяланганда, анын мураскери катары “Таза суу” мекемеси түзүлгөн. Бирок мурунку мекеменин карыздары да “Таза сууга” тиешелүү болуп калган экен. Мына ушундай жагдайларды карап чыксак болот. Жалпылап айтканда, мен мамлекетке карыз болуп калган мамлекеттик ишканалардын карызын дыкаттык менен карашыбыз керек. Ал эми жеке менчик ишканалардын карызын мамлекетке төлөтүүгө, же биротоло кечүүгө такыр каршымын. Негизи биз бул мыйзам долбоорун 2015-жылы эле комитеттен өткөрбөй артка кайтарганбыз. Жакында  бул маселе көтөрүлгөн учурда мен Украинада иш сапарда болуп калып, катыша албай калдым.

—Шайлоо боюнча кабыл алынган 9 пайыздык эреже учурда коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Бул боюнча кандай  пикирдесиз? Балким, кийинки шайлоого катышуу ниетиӊиз бардыр?

—Кийинки шайлоого  катышамбы, же катышпай каламбы, азырынча бул багытта так чечим кабыл ала элекмин. Алдыда дагы убакыт бар, баарын убакыт көрсөтөт. 4 жылдан бери депутат болуп, бир топ мыйзам долбоорун жазып, ишке ашырууга аракет кылдык,   жер-жерлердеги социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө аздыр-көптүр салым коштук дегендей. Бирок  биз тараптан жасалып жаткан иштерге эл баа берет деген ойдомун. Өзүм да талдап, ошого жараша чечим кабыл алабыз. Ал эми 9 пайыздык эрежеге мен караманча каршымын. Негизи парламент жаӊыланып, улам жаш, жаӊы партиялар келип турушу зарыл. Парламенттин ичинде дайыма талаш-тартыш болуп турушу абзел. Менимче, 9 пайыздык эреже  жаӊы, жаш партиялардын  парламентке келишине чоӊ тоскоолдук болот. Парламентте 2- 3 эле партия болсо, анда да бийликке ыктап, оппозициялык фракциянын үнү угулбай калат. Айтор, ушул сындуу терс жагдайлар көп болот. Негизи шайлоодо 9 эмес, 3 же 5 эле пайыздык босого болсо жетиштүү болмок. Тилекке каршы андай болбой, башкача нук менен кетип жатканы өкүнүчтүү.

—Кышка даярдык азырынча талапка ылайык болбой турганы айтылууда. Бул боюнча кандай маалыматыӊыз бар?

—Азырынча өкмөт  парламентке кышка болгон даярдыгы боюнча расмий  маалымат бере элек. Бирок биз да анча-мынча угуп жатабыз. Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу быйыл бир ай кеч башталыптыр. ЖЭБге 500-600 тонна көмүр ташууга бир топ убакыт керектелет. Ошондуктан ушул  ишти жаз, жай айларында  баштаса жакшы болмок. Бул боюнча биз убагында тиешелүү сунуштарыбызды  айтканбыз. Өкмөт бул жагын эске албай, биздикилер Кара-Кечеден көмүр ташып жетишпей жатат деген шылтоо менен  Казакстандан кымбат көмүр алууга да атайын шарт түзүп жатышкандай сезилет. Бирок мына ушул маселени талапка ылайык жөнгө салып койсо болот эле.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here