Ушундай болуп баратабы деп жүрөк шуулдайт- эл менен милийсанын ажырымы күн санап өсүп бараткандай?! Бул эӊ жаман окуя болор, жок, трагедиянын өзүдүр!

            Кийинки күндөрү мыйзам бузган, пара алган жана башка кылмыштарга барган милийсалардан күн куру эмес! Жөн адам мыйзам бузса, милийсага салыштырмалуу эч нерсе эмес, жеӊилирек дегеним, анан «мыйзамды сактайм» деп ант берген милийсалар мыйзам бузса, коомго эки эсе коркунучтуу экен! Мыйзам бузган милийсалардын ошол жүрүшү–коомубуздун таш-талканын чыгарып жаткандай!

            Ооба, милийсада нечен бир азамат жигиттер бар: эр жүрөк, ак дил, ой жүгүртүүсү тереӊ, биринчи жана башкы милдети- мыйзамды сактап эл четинде экендигин мыкты түшүнгөн азаматтар! Бирок, алар күндөн күнгө азайып барат. Абал азыркыдай темп менен кете берсе, эртеӊ бир дагы таза милийсаны таппай каларыбыз бар! Бир жактуу болбойлу, жалаӊ эле милийса бузулган жок, эл бузулуп баратат, бул мисалды айтып милийсаны коргоп жатканыбыз жок…коргобой калалы!

            Аз күн мурун эле Бишкектин Октячбрь райондук милийсасынын үч опери жана бир тергөөчүсү «кылмыш ишиӊди кыскартабыз» деп бирөөнөн 5000 доллар талап кылып, анын 1000 долларын алып жатканда колго түштү. Ушул эле топ мурун  дагы бирөөдөн 5000 доллар пара талап кылган экен… Бул мисалыбыз жүздүн биридир! Билинбей калган мындай окуялар саман-топондур?!.

            …Андан мурунурак эки зөөкүр бирөөлөрдү өлөрчө тепкилеп таштайт. Көргөндөр  милийса чакыртышат. Анан бир милийса келип шашпай наркы-терки басып баягы эки зөөкүрдү алып кетет. Көрсө, жанагы келген милийса тиги зөөкүрлөрдүн агасы экен. Ал билингенден кийин, күбөлөр чуу көтөргөндөн кийин тиги эки зөөкүр милийсага өздөрү келип жатпайбы! Коомчулук чуу салбаса, окуя ошону менен «дым» болмок!

            Илгери  милийсага аябай текшерүүдөн өткөндөр кабыл алынчу да. Азыр болсо, ким кааласа милийса болуп иштеп кетет. Эзели китеп бетин ачпагандар, гезитти колуна кармап көрө электер, мектепти эптеп бүткөндөр, жөнөкөй  эле этикадан түшүнүгү жоктор, эки ооз кеп билбегендер… баары-баары милийса болуп иштеп кетүүгө укугу бар. Азыр анча талданбай, тандалбай калган… Баса, милийсанын Академиясы бар. Академияны генералдар Тилек Асаналиев менен Бексултан Ишимов башкарып турган учурда Академиядан накта кадрлар чыкчу. Эми болсо, Академиядан аты бар, заты жок милийсалар даярдалып жатат. Аны ар ким башкарып келет. Бир ирет Академиянын начальниги пара менен кармалган эмеспи!

Эсибизде, кайсы бир жылы Академиянын бүтүрүүчүлөрү диплом жууп майрамдап аябай мас болуп,  Бишкектин чок ортосундагы көчөдөгү транспорттук кыймылды токтотуп жаап алып тайраӊдашкан! Диплом алган, «Академияны бүттү» деген аты бар немелердин кылыгы ошол болгон! Наадандык го бир! Бул аты бар, заты жок окуу жайда жалаӊ чоӊдордун балдары, алардын тааныштарынын балдары  окуйт. Окууну эптеп бүтүп, жылдыз тагынып, анан жеӊил-желпи жан багуунун жолуна түшүп жойлоп кирет!

            Атаӊкөрү де, мурунку азамат милийсалардын баскан жолу укмуш эле да! Кылмышты ачуу үчүн ачына, тогуна карабай  күнү-түнү ошол түйшүктө болуп, айлыгым аз деп арманын айтпай, абийирим менен болоюн деп бар аракетин жасап турган милийсалар кайда?! Жок болгон андай азаматтар?! Азыр милийсанын көбү кылмыш ачуудан мурда «ошондон мага пайда болобу?» дегенди көздөгөн суроо менен баштайт ишти! Кылмышты ачууга аракет кылып жатып, өзү да кылмыш жасап жиберет. Кээ бир тергөөчүлөр кылмышкерден да, жабыр тарткан адамдан да бир нерсе өндүрүп калуунун түйшүгүндө болот. Мындай абийирсиздик чанда эмес, күнүмдүк болуп калган!

            Милийсалар кээси менен криминалдар менен бир «нукта» болуп кетет, кылмыштарды жашырат, аларды өздөрүнө, кылмышкерге ылайыктуу нукка салат, ж.б.

            …Өткөн жумада Ош облусунун Кара-Суу районунун Фурхат айылында Төлөгөн Рахманбердиев деген спортчуну Кылыч Саркарбаев тапанча менен жоон санга атып, качып кеткен. Саркарбаев Ош шаарынын спорт комитетинин башчысы экен. Эми Рахманбердиев «өзүм эле атып алдым» деп көрсөтмө берип жатат экен. Саркарбаев «Дженго» деген каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досонов менен тааныш экен… Бул жерден криминал менен милийса « бир чечимге келишкен» деген ой кетет…

            Милийсанын ичинен жол көзөмөлдөөчү кызмат укмуштуудай коррупцияланган. Аны токтотуу үчүн мамлекет эмнелерди  гана кылбады, бирок, ал токтогон жок, күчөп турат. Эми ошол кызмат жол көзөмөлдөөчү жана посттук кызмат болуп биригип жатат. Жаӊы кызматкерлер атайын даярдыктан өтүштү, айлыктары көтөрүлдү. Эми алардын коррупциясы калар бекен? «Жок» деп таккесе айткандан да киши коркот… Адегенде таза иштемиш болор, анан… кетет эмеспи эски нук менен…

            Көп айтылып жатат: милийса министри Кашкар Жунушалиевди баш кылып ИИМдин бардык жетекчилерин алмаштырыш керек деп. Алар го алмашсын, бирок, жаланып-жуктангандардын баарын кантип алмаштырат?! Күнөөнү жалаӊ жетекчиликтен издебей, милийса дүйнөсүнүн чирип бүткөн тамырына саресеп салыш керек… Милийсага жетитмиш жолу тандоо жүргүзүн жалаӊ гана мектепти жаӊы бүткөн, дили да, колу да булгана элек акактай таза балдар-кыздарды алыш керек. Аларды тандоого чоӊ окумуштуулар, дасыккан кесипкөйлөр тартылсын, а турсун детекторду да пайдаланыш керек! Ошондо бирдеме чыгар…

                                                                                                                               Баратбай АРАКЕЕВ