Талас облусунун Манас районундагы Баласаруу айылында 28-сентябрда айтыш өтүп, той ээси 6 акынга теӊ аргымак мингизди. Бул туурасында акын Кубат Тукешов өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына:

“Таластын Баласаруу деген айылында Азамат Кемел уулу деген агабыз апасынын 65 жылдыгына арнап, акындардын айтышын өткөрдү. Биз мурда акындарга аргымак мингизип, чепкен жапканын китептен гана окучу элек. Бүгүн мынтип өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп, толкунданып турабыз. Алты акын айтыш куруп, алтообуз тең ат миндик”,-деп жазган.