Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн кечки саат 18:00дө Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Маалым болгондой ал кечээ күнү төрт балбанды катары менен жеӊип, финалга чыккан эле.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматта: Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип алганы жазылган. Жарым финалга чейин Айсулуу Тыныбекова үч беттеш өткөргөн.

Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен утса, ал эми 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи болсо таандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Айсулуу Тыныбекова эми финалда болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күрөшөт. Ал учурдагы Дүйнө чемпиону, 28 жашта. Ал 2010-2011-жылдары Европанын, 2012-2013-жылдары болсо Дүйнө чемпиондуктарында күмүш медаль утуп алган. 2014-жылы болсо ушул эле эң чоң беттештерде коло медалга ээ болгон. 2018- 2019-жылдары атаандаштарынын эч кимисине мүмкүнчүлүк бербей жеңип, Европа чемпиону аталган.

Нур-Султанда өтүп жаткан дүйнө чемпионтта атаандаштарын мөөнөтүнөн мурун жеңип келе жатат.

Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.

Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан кыз барган. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, ийгилик жарата алышкан жок.

Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатынын финалында грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев (2007) менен Жоламан Шаршенбеков (2018) күрөшө алган. Кыздар арасында мындай көрсөткүчтү биринчи жолу Тыныбекова көрсөттү. Бул спорт багытындагы жаӊы тарых болуп калары шексиз

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет.

Тарыхты өзгөрткөн Айсулуу