Иманкадыр Рысалиевден кийин ПФга Осмонов Канат Досбаевич шайланган. Бул адам токой чарбасы боюнча профсоюздук комитетти 30 жылдан ашык  үзгүлтүксүз башкарып келатат. Ошондо ал Кыргызстан профсоюз федерациясынын төрагасы катары да, анын ичиндеги комитеттин алмашкыс жетекчиси катары да айлык алып турган. Бул адам деле ПФны оӊдоп жиберген жок, мурунку жетекчилерден ашса ашып түшүп, асты кем болгон жок. Ага жетекчи болуп турганда мыйзамсыз иштери үчүн 3 кылмыш иши козголгон экен.

Ал кылмыштар Жалал-Абад курортунун мурунку жетекчиси Р. Матраимов  менен бирдикте болгон. Матраимовго өзү жетектеген курорттон 10 миллион сомго чейин акча жок кылган деген айып  менен 2007-жылдары кылмыш иши козголгон. Ал аталган курортту 2007-2010-жылдары башкарып турган. Дагы бир маалыматта Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин 1249692 сом жок болуп чыкканы такталган.   Албетте, жалгыз эмес. Осмонов бул иштин чоо-жайын “абдан” жакшы билет. Себеби, анын да жоопкерчилиги бар.

 Кылмыш иши козголгондон кийин да кызматтан кетпей  жарым жылдай кызматта олтурган. Акыры укук коргоо органдарынын таасири менен айласыздан  кеткен. Бирок Осмоновго бир эмес, 3 кылмыш иши козголгону менен эч кандай жоопко тартылбай, бүгүнкү күндө да ПФнын башкармалыгынын мүчөсү болуп, токой чарба тармагынын профсоюздук комитетинин эки тизгин, бир чылбырын бекем кармап турган киши. Эӊ кызыгы 2011-жылдын февраль айында Матраимовго козголгон кылмыш иши жабылган. Буга ФПКнын   ошол кездеги директору К. Осмонов менен  “Кыргызкурорттурсоветтин” (КПФга караштуу мекемелердин бири)жетекчиси Токбаеванын Жалал-Абад облустук прокуратурасына жазган каты себеп болгон. Олчойгон акча жоголуп жатса, анан ага дооматыбыз жок деп укук коргоо органдарына  Матраимовду калкалагандар минтип кат жазып койсо эле, кылмыш иши токтоп калабы? Бул жагы кайсы акылга сыят? Же булар укук  коргоо органдарын дүӊүнөн дүӊкүлдөтүп сатып алышканбы?

Осмоновдун мындай былыктарын дагы да иликтеп жазууга болот…

 Баса, депутаттары демилгелеп жаткан ПФ жөнүндөгү жаӊы мыйзамга карышы чыгып, катуу жандалбастап жаткандардын бири дал ушул Осмонов экени айтылууда.

                                                                         Айбек ШАМШЫКЕЕВ

                                                                   (Уландысы бар)