(Маектин башы)

Уулуӊуз Рыспек менен Баяман Эркинбаевдин мамилеси кандай эле. Бул жагын билчү белеӊиз? Эмнеге дегенде экөөнүн мамилесин азыр ар ким, ар кандай айтып жүрүшпөйбү…

—Менин билишимче экөөнүн мамилеси жакшы болчу.  Биздин үйгө келип жүрчү. Мени аталап калчу. Рыспек мага “Бул жигиттин аты Баяман, Оштун баласы”- деп айтканы эсимде.  Чап жаак, бою узун жигит эле. Акыркы жолу  Баяман Рыспек  2005-жылдары уулунун кырк ашынбы,  же ашын берип жаткандабы, айтор биздин үйгө келген.  Рыспек  экөө бактын ичинде көпкө чейин, кучакташып абдан жакшы сүйлөшкөнүн, Баяманга Рыспек:-Сен Ошту тартипке сал, мен бул жакты тартипке салам. Алакандай кыргызды бөлбөйлү” –деп  кеп кылышты деп алардын жанындагы балдар мага айтышты.  Ошондо Баяман  мурдуна кагаз чаптап жүргөн экен.  Ошондон көп өтпөй эле Баяманды атып кетти деп калышты.  Ал ортодо Рыспекке: “Анын жок болушун сага шылтап жатышат” – деген кепти айтышыптыр. Менин угушума караганда  Жаныш Бакиев Баямандан 150 миӊби, же 50 миӊ долларбы, айтор ушунча көп акча алыптыр. Ал акчаны бербей жүрөт, анан доолаган кезде аттырды дешти.

Уулуӊуз киши колдуу болгонго чейин анын Адис Кулманбетов баштаган бир топ досторун жок кылышпадыбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Айтса сөз көп эле болоор. Менимче Мурат Суталиновду  Батукаевге окшоп,  “ана өлөт, мына өлөт” деп абактан чыгарып коюшту. Өкмөттө уят жок экен. Ушунча элдин канын төккөндөргө боор оруп жатышпайбы…

—Түрмөдө оорусу катуу экени далилденсе мыйзам жол берет деп эркиндикке чыгарышты да…

—Ой илгери Манас  атабыздын убагында таразага тартып, астырып койчу турбайбы. Түрмөдөн тамак берип, бакпай эле ошентсе болот эле. Канча балдар боздоп калды, аталары жок. Канча жаш балдар үйлөнөбүз деп турган кездеринде жок болуп кетишти, алардын энелери боздоп калды.

—Демек, сиз Мурат Суталинов аркылуу Рыспекти, балдарын кошо жок кылды дегенди айтып жатасыз…

—Рыспекти өлтүргөндөрдүн арасында Суталинов бар. Азыр мен Рыспекти бети-башын чүмкөп  алып келип, автомат менен атышкан деп угуп жатам.

—Бирок толук, так далил жок да. Сөз катары айтылып келет го…

—Эмне үчүн? Толук эле далил бар. Убагында баарын жаап коюшкан да.

—Баяман тууралуу да кыска баян кылдыӊыз. Алмаз Бокушевди билесиз да…

Балам, мен аны билбейт экенмин…

Камчы Көлбаев менен сиздер тууган болосуздар да. Ал тууралуу эмне айтасыз?

—Ооба, Камчы менен жакын  тууган болобуз. Муну Кудай алдында жашырбайм. Бир жолу ресторанга апасынын 70 жылдык тоюна чакырды. Бардым. Барган жокмун деп айтпайм. Өзүнчө келип учурашпайт. Анан, мен өзүм издеп бармак белем…

 Чынында Рыспектин жүрөгү ушунчалык абдан кенен болчу. Баарын бооруна тартып келген.  Айтса абдан сөз көп. Эмнени айтайын… Калган кептин кереги деле жок.