Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 8/1 финалында япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен утту. Бул туурасында Бириккен күрөш федерациясынын (UWW) расмий сайтында көрсөтүлдү.

Ушул тапта Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Ал Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берчү турнир болуп эсептелет.

Турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат.