Кытайлык Alibaba Group электрондук соода аянтчасынын негиздөөчүсү 55 жаштагы  Жек Ма директорлор кеңешинин төрагалыгынан кеткени маалым болду.  Жек Ма Alibaba компаниясын 1999-жылы түптөп, 20 жыл ичинде электрондук соода менен алектенген дүйнөдөгү ири корпорацияга айлантты. Ал Кытайдагы эң бай бизнесмендердин бири. 2018-жылы анын байлыгы 40 млрд. доллар деп бааланган. Башкаларга окшобогон иш ыкмасы Маны белгилүү байлардын катарына кошту. Өзүнүн туулган күнүнө туш келген корпорациянын 20 жылдык маарекесинде кызматын тапшырып бере турганын айткан.  Эми Жек Манын ордун  директорлор кеңешин учурда корпорациянын аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан Дэниэл Чжан ээлей турган болду.  

Өктөм сүйлөбөгөн, тартынчаак көрүнгөн Дэниэл Чжан өзүнүн мурунку жетекчисине такыр окшобойт. Компанияда ага Сяояо-цзы деген каймана ат берип коюшкан. Бул ысым Кытайдын уруш өнөрү тууралуу китептеги каарман. Ал өзү мушташка чыкпайт, бирок башкаларды уруш өнөрүнө үйрөтүүдө алдына киши салбайт.

Жек Ма Кытайдын чыгышындагы Ханчжоу шаарында жакыр бүлөдө төрөлүп, өскөн. Эмгек жолун англис тил мугалими болуудан  баштаган. Кызыгы, 33 жашында биринчи жолу компьютер сатып алып,  интернеттен «пиво» деген сөздү издеп көрүп, бир дагы кытайлык бренд чыкпаганына таң калып, бул тууралуу көпкө ойлонгон. Компьютердик технологиялар боюнча атайын билими жок туруп, батиринде отуруп алып, Alibaba компаниясын негиздейт. Өзүнүн досторун интернетте соода аянтчасын түзүү үчүн акча салууга көндүргөн.

 Соңку жылдары Alibaba компаниясы электрондук соода аянтчасынан интернет-гигантка айланды. Азыр анын айдоочусуз башкарылган унааларды чыгаруу боюнча долбоору, кинокомпаниясы бар.

                                                                   Асан АЛЫМБЕКОВ.»Багыт кж»