Азыр биздин мамлекет темада айтылгандай абалда- сыртынан караганда кадимкидей эле мамлекетпиз да ичине кирсек, түрү шумдук иштердин баары болуп жатат, минтип уланып турса, мамлекетибиздин жок болор күнү алыс эмес!

            Азыркы жамандыкты айткан адам кечээки жакшылыктарды сөзсүз эстейт… Кечээ Совет доорунда чоӊ кызматкерлер, дегеле кызматкерлердин баардыгы, миӊдеген текшерүүлөрдөн өтүп, жети атасына чейин текшерилип, олуттуу сынолордон өтүп, анан гана кызматтарга коюлчу. Ал кызматкер билчү- кенедей эле жаза басса кызматтан куулат, экинчи жооптуу ишке алынбайт! Ал кезде деле бирин-бири колдоп турчу, бирок, бирдеме билгендер, түшүнүгү барлар колдоо тапчу. Азыр болсо, мээсинде бир нерсе барбы же жокпу, билими барбы, ошол кызматка иштеп кете алабы… дегендер эске алынбай эле, тууганчылык менен, тааныш-билиштик менен эле  дүӊүнөн колдоо таап, нечен бир көкмээлер, жинди чалыштар, үч диплому бар, бирок, ныпым билми жоктор, иши кылып иттибай менен чоттубайлар тегизи менен  кызматтарга коюлуп жатат, чечүүчү ролдо – акча! Э айланайын, катын-баласына тили өтпөгөндөр, эки сөздүн башын курап айтып бере албагандар… эӊ бийик кызматтарда олтурбайбы?! Анан эмненин иши болсун?! Ошол кызматка коюлган немеде бир гана «жакшы» ой-тилек  бар, ал-кантип жеш керек! Анан ыгын таап жеп кирет, кээси кызматтан алынат да башка ишке которулат. Ага таптакыр иш бербей коюу деген бизде болбойт. Жеп-ичип кызматтан алынгандардын кээ бири соттолуп кетет да анан бат эле бошонуп келет. Бул учурда соттор, прокуратура кызматкерлери бир «тунуп» алышат… Берки жеп-ичкен немеге калган акчасы жетип берет… Жакында эле 100 миӊ доллар(!) пара менен кармалып 14 жылга олтурган Генпрокуратуранын мурунку көздөй кызматкери Кылычбек Арпачиев деген неме түрмөдөн чыкты?! Мындай укмуштар уланып турат…

            Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мыйзам дикутатурасы эмес, акча диктатурасы айныгыс орногон! Кенедей иштен чоӊ ишке чейин пара менен бүткөрүлөт. Азыр «кээ бирөө пара алат» дегендин ордуна «баары пара алат» деген айтылып калган! Айыл өкмөттөн министрге чейин дейли, баары тегиз галстук тагынып, олуттуу кебетеленип, бир маанилүү иш бүтүрө тургансып тим эле зыӊкыя олтурат, бирок, оюнун баары эле акча алышта! Акча албай иштеген бир дагы жетекчи жок! Пара берүү жана пара алуу кадимкидей эле мыйзамдашып калган! Эми өлбөдүкпү?! Ии, муну да айта кетели: кийинки кезде кандай гана курулуш, мейли, мектеп же ишкана курулбасын, сөзсүз түрдө андан акча жешет. Бул Конституциябызга жазылгандай болуп калды!

            …Ооба, демократия, эркиндик дегенге эмне жетсин! Эркиндик үчүн тээ Рим кулдарынан бери Париж коммунасы, Степан Разин менен Емельян Пугачевдун көтөрүлүшү, англичандар эзген индия элинин көтөрүлүштөрү, биздин эле 1916- жылдагы көтөрүлүш- Үркүн ж.б. көтөрүлүштөр эркиндикти каалоо, самоо менен болгон. Ошондо миӊдеген адамдар «эркиндик» деп жан берген эмеспи! Бирок, ошол эркиндикти мыйзамды… уруп койбогон «эркиндикке» чейин жеткизип алгандар азыр толуп кетти. Эй, кандай эркиндик болбосун мыйзам диктатурасынын ичинде болуш керек! Абсалюттук эркиндик деген жок!

            …Министрлерди Жогорку Кеӊеш талкуулап анан шайлайт. Жогорку Кеӊештин кебетеси тиги болсо, тандаган министрлери деле жөнсүздөр да… Тигине, аябай     «тандалган» Эл агартуу министри Кудайбердиева иштин баарын тескери нукка буруп, аталган тармактын тамтыгын чыгарды. Эч нерсеге жооп бербей баса берди. Эми ал дагы бир кызматка барып олтурат эмеспи. Мурунку Транспорт министри Калилов деген неме орун басары пара алып, ошондо дароо кызматын өткөзүп кетип калбай былтыйып олтурганда президент айтып жатып кызматтан кетүүгө аргасыз кылган. Мына эми ошол неме «Темир жолдо» дагы бир май-талкан кызматка олтуруп алыптыр?! Мамлекеттеги  башкы жетекчилер «текей терип» олтурабы?! Жок, алар, көрүп турат, билип турат… бирок, кайсы бир «себептер» менен тигинин кызматка барышына тоскоолдук кылышпайт… Баса, кызматка чектөөдө президент Сооронбай Жээнбеков трайбалисттик жолго түштү окшойт!

            …Тажиктер, өзбектер менен чек арада кагылышуулар болуп турат. Эл андан куурап бүттү. Чыр болгон сайын кыйратып жиберчүдөй болуп Разаков деген вице -премьер-министр жетип барат, ары-бери жүрүп кайра келет. Анын барганынан кенедей да майнап чыкпайт. Президент, премьер-министр, Спикер үчөө кеӊешип туруп, тажик, өзбектер менен сүйлөшүп чек ара маселесин биротоло бүтүрүп койсо болбойбу?! Ошол үчөө теӊ эл кыдырган болуп, деле кой, өз колу менен салгансып жаӊы мектептерди ачып, лента кесип,  кооз-кооз сүйлөп, берген тамагына жарылганча тоюп баса берет. Ошондо бул жүрүштөрү кимге пайда болду?! Тозгон тарапты иштен алаксытып, чыгым кылгандан башка кенедей да пайда жок! Андан көрө тыкыс олтуруп чек ара малесин чечүү керек го?! Аталган үч жетекчи чек ара маселесин чече албаса, акыркы айтар сөзү, укугу жок Разаков чечет беле?! Эске сала кетели: Спикер Дастан Жумабеков менен премьер Мухамметкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго кошомат кылгандан бошобойт, президент болсо, аны «кабыл алгандан» бошобойт! 

            …«Кумтөр» маселеси көп айтыла баштады. Анткени, канадалыктар кайран кыргызды алдаганын улантып турушат. Акча жеп турган гезиттер, телерадиолор: «Кумтөр» балача миллион пайда келтирип жатат» деп тынымсыз мактап какшап турушат. Акчага тойгон абийирсиз журналисттер  кыргыз тарап канча миллионго алданып жатканын кенедей да айтпайт. Алгандары аш болбой калсын! Кыргыз тарап биринчи күндөн эле канадалыктарга аябай алданган, эми деле ошол жолунда. Бул маселени оӊ жагына чечүүгө биздин мамлекекттин жетекчилиги даай албайт, экинчиден, мамлекетибиз алсыз! Жамандыгыбыз ошол-алтыныбызды колдон жулдуруп жатабыз. Бул айбанчылыгыбызды дүйнө коомчулугу билсе керек?! «Кумтөр» да бир күнү ишин токтотот, канадалыктар тойгон-татканына опсуз ыраазы болуп кете берет. Анан алардан калган кен калдыктары, жоголгон мөӊгүлөр… кыскасы, бузулган  экологиянын азабын тартып биз калабыз! Тапкан анча-мынча пайдабыз бир күнү «көчүктөн» чыгат эмеспи!

            …Азыр адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, катнаш-алакасы да бузулуп барат. Мурун бир акылдуу адам чечип койчу маселе азыр сотто гана чечилип калды… Кубаныч, сүйүүнүч да кейпинен кетип турат. Мурда «сүйүнчү» дегенде берерге нерсесин таппай, кадимкидей кубанчу эле, эми «сүйүнчү» деген кабар, кайра жинди келтиргидей абалга келди! Кайгырган да жоголуп барат. Мурда сөөк коюлган жер тымтырс болуп, курандын гана үнү чыгып, табакка олтургандар тамагын эптеп жеген болчу эле да. Эми куран окуп жаткса да сүйлөшүп жатат, эки-экиден каткырышкандар, этти «андай туура, мындай туура» деп, «чыкты куя түш» деп бакылдашып турбайбы. «Жылкы семиз чыгыптыр… баланчага алыптыр…» деген кеп кенен айтылат. Аза күтпөй эле тойдо олтургандай да! Өлгөн менен жакындарынан башка эч кимдин иши жок…

            Өгүнү телевизордон көрбөдүкпү, бирөө муш жеп эси ооп жатса, тиги сабаган неме чалкасынан түшкөн немени бетке тепкилеп жатат! Бул айбандык го бир, наадандык го! Мыкаачылык кадимкидей эле кыргыз турмушунан орун алды!

Бирин-бири көралбай тургандардын саны аябай өстү, бирөөнө жамандык тилегендер көбөйдү… Мурунтадан айтыла жүрчү: «Бирөөнүн ийгилиги дагы бирөөнө ок болуп тийип…» деген кептин даанасы келди.  Кайда баратабыз?!

Ооба, мамлекет эсебиндебиз, бирок, ошол мамлекетибиз, даана маӊызына чейин баам салган адамга, чирип баратканы дааналанат…

                                                                               Баратбай АРАКЕЕВ