Быйыл жылдын алты айында чет өлкөдөн 393 миллион доллар түз инвестиция келгенин Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги маалымдады. Маалыматта, инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 59 пайызга көбөйгөнү айтылат. Кыргызстанга келген инвестицияны өлкөлөр боюнча бөлгөндө Кытайга 181 миллион доллар, Британияга 64,6 миллион доллар, Канадага 44 миллион доллар жана Нидерланддарга 31,3 миллион доллар туура келет.

Ошол эле учурда жылдын биринчи жарым жылында 273 миллион доллар капитал өлкөдө чыгарылып кеткен.