Өзгөчө кырдаалдаар министрлиги КРнын аймагындагы кырдаалдар боюнча бүгүнкү күнгө карата ыкча маалымат таратты. Чүй облусу Жайыл району. 2019-жылдын 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр айылынын: Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал-жандыктары менен калып калышкан. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Жайыл районунан Ыкчам тобу АКУ унаасы жана КДМБнын Урал унаасы. Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 10-сентябрь күнү Сандык жайлоосунан 5 чабан 3500 баш кой менен КР ӨКМги тарабынан Суусамыр а/а көчүрүлүп келинген. Ошол эле, күнү 500 баш кой жана 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн, калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилген. 11-сентябрь күнү боз үйлөрүн көчүрүп келүү максатында КР ӨКМнин ыкчам топ КДМБнын Урал унаасы менен Сандык жайлоосуна барышып, чабандардын 1 каттам тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен.

12-сентябрь күнү 08:00дө КР ӨКМнин ыкчам тобу Урал жана АКУ унаалары менен Сандык жайлоосунан 2 боз үйдү Биринчи Май айылынын Жолго тилкесине саат 13:00дө көчүрүшүп, ошондой эле 3 чабандын үй-бүлөөсүн Суусамыр а/а имаратына алып келишкен. Саат 16:00дө КР ӨКМнин ыкчам тобу АКУ (АСМ) унаасы менен Арамза жайлоосу көздөй чыгып кетип, Суусамыр а/а Тунук айылында жергиликтүү тургундун үйүндө түнөккө калышкан. Ал эми, 4 чабан 150 жылкысы менен Арамза жайлоосундагы күрткүдөн аман-эсен өтүшүкөндүгүн жана аталган жайлоодо болжол менен 7 чабан мал-жандыктары менен калып кеткенин телефон аркылуу кабарлаган. 13-сентябрь күнү жерине КР Өкмөтүнүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы жериндеги абал менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды койушкан.

Суусамыр өрөөнүндө кар астында калган 4200га арпа, буудай чабыла баштады. Мындан сырткары тартылган күчтөрдүн жардамында Арамза жайлоосунан 3 чабан болжолу менен 400 бодо малдары жана 1000 кой-эчкилери менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүлгөн. Ошондой эле жайлоодо калган чабандардын оокаттарын алып келүү үчүн, КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынан 200л күйүүчү май чабандарга бөлүнүп берилген.

https://www.youtube.com/watch?v=7Q_VHNhMDkY
https://www.youtube.com/watch?v=QJi5uBG6byU

Чүй району. Жаап өткөн калың карга байланыштуу Шамшы жайлоосунда 9 чабан мал жандыктары менен калып калгандыгы тууралуу маалымат 13-сентябрь күнү КР ӨКМне келип түшкөн. Тартылган күч жана каражаттар: Ысык-Ата райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам тобу жана Жайыт комитетинен 1 адам Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 13-сентябрь күнү саат 20:00дө ыкчам топ Кегети капчыгайы аркылуу чыгып кетишкен. Мындан сырткары 14-сентябрь күнү Кегети капчыгайында калың кардын кесепетинен калып кеткен чабандарга жылынуучу жай уйуштуруу максатында КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан 1 даана 10 орундуу чатыр тургузулуп, ошондой эле Ысык-Ата айыл аймагы тарабынан ысык тамак уюштурулууда.

Жалпы облус боюнча 11 чабан 150 жылкысы, 400 бодо малдары жана 4800 койу менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн.

Нарын облусу:

Жумгал району. 10-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Чаек а/а Ой-Гайын жайлоосунда 10 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен АКУ менен 5 куткаруучу, а/а 5 кызматкер, ИИМден 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 2 кызматкер, ветеринардык станциясанан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 11-сентябрь күнү атайын түзүлгөн ыкчам топ 1 чабанды мал жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен түшүрүшкөн. 12-сентябрь күнү 3 чабан 2100 баш кой, 13 уй жана 60 жылкылары аман-эсен коопсуз жайга түшүрүлгөн. 13-сентябрь күнү Ой-Кайыӊ жайлоосунан мал айдап өтүүчү жолдор ачылган жана калып калган 6 чабан болжолу менен жалпы 1000 бодо мал жана 9000 кой-эчкилери менен өздөрү түшүп келерин билдиришкен.

Жалпы облус боюнча 4 чабан 2100 койу, 13 бодо мал жана 60 жылкылары менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 3 жылкы 1 баш уй өлгөн.

Жалал-Абад облусу:

Токтогул району. Алдын ала маалымат боюнча,9-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Кемпир-Өлдү жайлоосунда 2 чабан мал жандыктары менен калып калышкан жана 13-сентябрь күнү саат 09:15те туугандары жардам сурап кайрылышкан. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 ӨКБдан 4 куткаруучу АКУ менен Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 13-сентябрь күнү куткаруучулар 2 чабанды 1000 койлору менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан. 9-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМнен 1 кызматкер жана тез жардам кызматынан 1 кызматкер Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 12-сентябрь чабандарды көчүрүп келүү максатында атайын ыкчам топ түзүлүп, 7 чабанды 460 бодо мал, 10000 кой жана 40 жылкылары менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Анын ичинен 50 кой өлгөн. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан. Ал эми 2 чабан мал-жандыктары менен 12-сентябрь күнү саат 03:00дө өз алдынча жайлоодон айылдарына аман-эсен түшүп келишкен. 2019-жылдын 10-сентябрь күнү катуу жааган каардын кесепетинен Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылынын тургундары 18 баш жылкылары Жайыл району менен Токтогул районунун чектеш аймагындагы Суусамыр участкасындагы Арамза жайлоосунда калып кеткендигин маалымдашкан жана аталган жерге Суусумыр тараптан бара албай Токтогул районунун Толук айылы аркылуу айдап түшүү үчүн 13-сентябрь күнү Токтогул райондук ӨКБнө жардам сурап кайрылышкан.

14-сентябрь күнү саат 07:00дө Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылган.

Аксы району. 10-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Ак-Суу а/а, Кум-Бел менен Миң-Бугу жайлоолорунда малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Аксы райондук №71 ӨКБдан АКУ менен 6 куткаруучу, Кара-Суу а/а жайыт комитенен 1 кызматкер, тугандарынан 5 адам, Аркыт токой чарбасынан 5 кызматкер жана РИИБден 4 кызматкер. Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 11-сентябрь күнү чабандарды көчүрүп келүү максатында атайын түзүлгөн ыкчам топ, саат 16:00дө Кызыл-Көл айылына жетишип 2 топко бөлүнүп Кум-Бел жана Миң-Бугу жайлоолору көздөй чыгып кетишкен. 12-сентябрь күнү саат 16:00дө 1-топ Кум-Бел жайлоосуна жетишип, чабандарды мал-жандыктары менен күрткүдөн өткөрүшүп туруктуу жайгашкан ордуларына жиберген (чабандар ар кайсы айыл аймактардан болгондугуна байланыштуу мал-жандыктарынын санын тактоого мүмкүнчүлүк болгон эмес), натыйжада болжол менен 3 чабандын 8 жылкысы жана 13 баш кою өлгөн. Ыкчам топ Кум-Бел жайлоосунда түнөккө калышкан. 13-сентябрь күнү Миң-Бугу жайлоосуна чыгып кеткен 2-топ 3 чабанды болжолу менен 2016 кой-эчкилери жана 10 бодо малдары менен түшүрүшкөн. Мындан сырткары 3 чабан 15 жылкысы, 30 бодо малдары жана 1900 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн. Ал эми Кум-Бел жайлоосуна чыгып кеткен 1-топ менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу, жерине 2-топтун куткаруучулары маалымат алуу үчүн жөнөп кетишкен. Жалпы Миң-Бугу жайлоосунан 6 чабан 3916 кой-эчкилери, 40 бодо мал жана 15 жылкы түшүрүлгөн. Ал эми Кум-Бел жайлоосунда 5 чабан мал жандыктары менен калган.

Сузак району. 9-сентябрда калың жааган кардан улам Сары-Кыр тилкесинде 1 чабан мал-жандыктары менен калып калган. Тартылган күч жана каражаттар: Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, ИИМнен 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 4 адам Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 10-сентябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 1 чабан болжолу менен 700 койу менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 15 кой өлгөн Тогуз-Торо району. 9-сентябрда калың жааган кардан улам Кыл-Доо а/а, Саймалуу-Таш тилкесинде 2 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. Тартылган күч жана каражаттар: Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 1 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 3 адам, Тогуз-Торо районунун Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунан 3 кызматкер Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 10-сентябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 2 чабан болжолу менен 1000 койу менен түшүрүлгөн. Жалпы болжол менен облус боюнча 18 чабан 16616 кой-эчки, 500 бодо мал, 55 жылкы түшүрүлгөн. Анын ичинен 65 кой өлгөн.

Талас облусу

Талас району. 9-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Долоно а/а Үч-Төр жайлоосунда малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам топ, жергиликтүү тургундардан 16 адам

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 10-сентябрь күнү 5 чабан болжол менен 1200 кой 270 бодо мал, 30 жылкылары менен түшүрүлгөн. Жеринде 1 чабан 10 боз үйү менен калган жана жол ачылганда өздөрү түшөрүн билдиришкен. Ошондой эле куткаруучулар Музтөр жайлоосунан 1 аял киши 5 жаш баланы коопсуз жерге түшүрүшкөн.

Жапыртмак жайлоосу

Алдын ала маалымат боюнча, 9-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Жапыртмак жайлоосунда Талас районунун Долоно а/а Ак-Жар айылынын тургундары 2 чабан мал-жандыктары менен калып калышкандыгы тууралуу КР ӨКМне туугандары 12-сентябрь күнү кайрылышып, чабандарды мал жандыктары менен коопсуз жайга түшүрүп берүүнү суранган. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам тобу АКУ менен, туугандары тарабынан 6 адам “МАN” оор жүк ташуучу унаасы менен.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 13-сентябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Жапыртмак жайлоосунан 2 чабан болжолу менен 4 жылкы жана 2000 кой-эчкилери менен Терс жайлоосуна жетишип, түшүп келүүдө. Жалпы облус боюнча куткаруучулар тарабынан 7 чабан болжол менен 2200 кой 270 бодо мал, 34 жылкылары менен түшүрүлгөн. Жалпы республика боюнча 40 чабан 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки өлгөн.