Бүгүн Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн таймаштар өтүүдө. Кыргызстандык үч балбан: Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеевдер (82 кг.) жеӊилип калышты. 55 килограммга чейинки салмактык бөлүктө килемге чыккан Сулайманов орусиялык балбан Виталий Кабалоевге 9:0 эсебинде жеңилди. Руслан Царев египеттик Насан Ахмад Мохамедди 9:1 эсебинде жеңип, 1\8 финалында венгриялык Балинт Корпасиге жеңилип калды. 82 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Калидин Асыкеев армениялык Максим Манукиянга 4:1 эсебинде жеңилди.

Бул күнү дагы бир кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков 63 килограммга чейинки салмакта күрөшмөкчү.

Чемпионатка Кыргызстандан 22 балбан барган. Алар Каныбек Жолчубеков, Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова ж.б. бар. Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет.