Бүгүн болжол менен саат 15:30дарда «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө барган. Буга чейин ал кайсы кылмыш иши боюнча милицияда суралып жатканы ачыктала элек болчу. Чүй облустук милициясы Көлбаев алдамчылык кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жатканын билдирди. Бирок милиция азырынча Көлбаев бул кылмышка Көлбаевдин кандай тиешеси бар экенин, деги эле кылмыштык окуя боюнча толук маалымат тарата элек.

Мындан тышкары Жайыл РИИБсине ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери да келген.