Суусамырга кар түшүп, дыйкандардын 5 миң гектар аянттагы арпасы кар астында калганын   Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев комитет жыйынында билдирди. Ал Өкмөт буга карата чара көрбөй жатканын баса белгилеп, буларды кошумчалады:  «5 миң гектар аянттагы арпа — бул, чоң көлөм. Дыйкандардын айрымдары насыя, карыз акча алып, мал-мүлкүн сатып эгин эгишкен. Буга карата чаралар көрүлүп, абалдан чыгуунун жолу каралышы керек». Чынында шарты катаал Суусмырдагы мындай кырдаалды өкмөт алдына –алган жок. Тишелүү чараларды буга чейин көрүшү керек эле. Эми деле колдон келген  ишти жасашы зарыл.