. Бишкек мэриясы жаш ишкерлер менен биргеликте желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналарды орнотуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бийиктиги эки метр болгон урналар Түштүк магистралдагы жаңы паркка коюлду. Анын ичине миң желим бөтөлкө батат.

Чогулган бөтөлкөлөрдү долбоордун уюштуруучулары өздөрү түнкү саат 12:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин алып кетип, кайра иштетүүчү цехтерге тапшырат.

Бишкек мэриясы калаа тургундарын жана конокторду желим бөтөлкөлөрдү атайын урналарга салууга чакырат.