Бүгүн Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен өкмөт башчыга арыз жазды. Ал бул кызматта 2013-жылдан бери иштеп келаткан. Айрым маалыматтар боюнча анын ордуна Нарын шаарынын учурдагы мэри Эмил Алымкулов дайындалышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, эки күн мурун Нарындын Кеӊеш айылында контейнерден жасалган мектеп коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Бүгүн 2016-жылдан бери канча туура эмес, мыйзамсыз иштерди кылып, коомчлуктун жек көрүндүсүнө айланган Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан алынган.