«Московский комсомолец» гезити 12-августун түнүндөгү кандуу окуяны жазып чыкты. Ал түнү Москванын «Рязанский проспект» метросунан өздөрүн «схинхеддер» деп эсептешкен үч жигит 69 жаштагы армиян улутундагы Лев Камалянга тийишип, аны сабап киришкен. Ал каршылык көрсөткөн учурда, жүрөккө бычакк урушкан. Ошол эле жерде дүкөндөрдүн биринен соода кылып чыккан кыргызсатандык 36 жаштагы Нурик Мундузовду да бычактап өлтүрүшкөн. Кыйкырык, ызы-чуудан улам жолдо өтүп бараткан Александр аттуу адам жардамга келген. Бирок ал жардам бере алган эмес, аны ийинге сайышкан. Учурда ал ооруканада дарыланууда. Кызуу абалдагы үч жигит аскер бут кийимин кийип жүрүшкөнү маалым болду. Алар издөөгө алынган. Курактары 30 жаштын тегерегинде экени байкалган.