Канадалык «Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» тоо-кен компаниялары кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражда 24 миллион доллар доону утуп алды.

Маалыматта ылайык, канадалык компания «Кеминдеги Кутесай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын мыйзамсыз жокко чыгарды» — деп кыргыз өкмөтүнөн 128 миллион доллар өндүрүүнү талап кылгандыгы айтылат. Торонтодо Эл аралык арбитраж ишти карап чыккандан кийин, кыргыз өкмөтүн «Stans Energy Corp» компаниясына 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бул маалыматты кыргыз өкмөтү да ырастады.

“Эл аралык арбитраж «Кутесай-II» жана «Калесай» кендерин өнүктүрүү боюнча түз чыгымдардын айрымдарын жана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу менен «Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» компанияларынын Кыргыз Республикасына карата 6% азыраак доо талаптарын канааттандырды. Бирок бул компанияларга калган доомат, талаптарына моюн берген жокпуз.