Укпадым дебегиле…


Мыйзам иштебеген, акча жана мансап гана үстөмдүк кылган мамлекетте кылмышкерлер, коррупционерлер, бандиттер, элди тонгондордун баары болбосо да бир тобу,  ошол эле акчанын күчү менен камалбастан, ээн-эркин жүрө беришет. Мына ошондой ашмалтайы чыккан Орто Азиядагы мамлекеттердин бири – бул биздин Кыргызстан экени эч кимге талашсыз. Анткени, биздин өлкөдө мыйзам иштебейт. Иштесе да бийликти багып жаткан карапйым элге гана иштейт. Ал эми атка минерлерге, акчасы арбын байларга,  мансабы бар атка минерлерге келгенде кандай мыйзамыӊ болсо да мышыктай чаӊырып ыйлап жиберет. Буга биздин өлкөдө мисалдар өтө көп. Миӊ сом, же тоок уурдагандар сөзсүз түрдө кылтакка илинишип, жазасын тартышат.  Ошол эле учурда  мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип,  чоӊ кылмыш кылгандар, өлкө казынасынан миллиондорду кымыргандар жоопко тартылбайт. 

 “Баскынчы” Бабанов…

Буга мисал катары  жакында Кыргызстанга кайтып келген Бабановду айтсак болот. Ага бир эмес, эки кылмыш иши козголгон. Жеӊил кылмыштар эмес. Экөө теӊ оор кылмыштар. Ал кылмыштар менен УКМК баштаган укук коргоо органдары Бабановду Москвада 1 жыл 9 ай жаткырбай, дароо кармап келип, темир тор артына тыгыш керек болчу. Тилекке каршы андайга жарашпады, эл үмүтүн акташпады. Бул мезгилдин ичинде Бабанов бийликтин Жээнбеков баштаган билермандары менен жеӊ ичинде сүйлөшүп алып, кыргызстанга кайтып келди деген чындыктан алыс эмес кептер айтылууда. Бийлик бул кептерге эмне деп жооп берерин билишпе, талкан сугунуп алган абалда турат. Бабанов болсо баягы адатына салып, булушунча актынып, Кудай алдында карганып жатат. 10 күндөн бери Бишкектеги, Таластагы тууган-уругуна, дос –тамырына, өзүнө кошомат кылгандарга түлөө өткөрүп, Жээнбековдун тилин тапканына, камалбай эркиндикте жүргөнүнө аксарбашыл чалып, айтор ачылып-чачылып жүрөт.

Бул кылмыш иштеринен тышкары Бакиевдин тушунда мурунку депутат, ишкер айым   Шарипа Садыбакасовадан тартып алды делген “Кыргызстан” банкы боюнча да  Экономикалык кылмыштарга каршы кызматына сурак берип жатат. Кечээ күнү УКМК түштөн киийн Бабановду чакырып шайлоо учурунда Он-Адырда өзбектерди кыргыздарга тукуруп сүйлөгөнү боюнча  сурады.

Бирок  канча сураганы суу кечпейт, эмнеге дегенде  бул эргулуӊ  камалбай, кайрадан элге акыл үйрөтүп жүргөндөн кийин иштин бүткөнү да.

Аскар Акаев кызын жиберди. Өзү да камынып жатабы?

2005-жылы Аскар Акаев үй-бүлөсү менен кошо чоӊ кылмыштарга шектелип, Кыргысзтандан Москвага качып кеткен. Андан бери 14 жыл өтсө да, өзү келе албай, Ала-Тоону бир көргөнгө зар болуп жүрөт. Бирок акыркы жылдары Кыргызстанга болгон кусалыгы ашып кеткенби, айтор эки-үч күн мурун тун кызы, 47 жаштагы Бермет Акаеваны Кыргызстанг өзү жибергенин айтты. Бермет болсо Бишкекке тоскоолдуксуз эле келди. Бермет 2005-жылы иниси Айдар экөө  атасына таянып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланышкан. Бул дагы «жоогазын» революциясынын себептеринин бири болуп, мандаттан ажырашкан. Президенттин кызы

Казакстан жараны Адил Тойгонбаевге турмушка чыгып, бир топ жыл бирге өмүр сүрүп, ажырашып кеткен. 2005-жылкы ыңкылаптан соң Тойгонбаев рейдерлик, жемкорлук жана алдамчылык боюнча сыртынан айыпталган. 2017-жылы борбор калаанын Биринчи Май райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо, 20 миң сом өлчөмүндөгү айып менен 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн сырттан угузган. Ошондой эле сот Тойгонбаевден 677 миллион сомду «Манас» эл аралык аба майданы» ААКынын пайдасына төлөтүү чечимин чыгарган. Бирок бул иш оӊуна чечилгени, же чеилбегени боюнча маалымат жок. Кыскасы, атасы да, күйөөсү да, апасы да, иниси да кыргыз мамлекетин азапка салган Бермет Акаеванын Кыргызстана чалчаӊдап ээн-эркин жүрүшү жакшы көрүнүш эмес. Акаев бүгүн Кырызстанга кызын жиберсе, эртеӊ баласын, андан соӊ аялы менен өзү кайтып келбейби? Бул жагы чоӊ суроо. Балким ушу тапта Акаев Жээнбековдун бийлиги менен  жеӊ ичинен сүйлөшүүнү көздөп, анан анысы ийгиликтүү ишке ашып калса,  Бабановдой болуп эч тоскоолдуксуз учуп келип, чоӊ түлөө жасоону кыялданып, кымыӊдап жаткандыр. Эмнеге дегенде, Жээнбековдун бийлиги 14 жыл мурун кылмышка шектелген Акаев эмес, 9 жыл мурун  Бакиев бийлигине каршы чыккандарды күч менен басып, көргүлүктү көрсөтмөкчү болгон  мурунку министр Молдомуса Конгантиевди деле эч кандай сот жообуна тарттырбай актап, канатына калкалап турат го. Конгантиев менен Бермет Акаеванын айырмасы эмне? Экөө теӊ элге каршы чыгып, элди мал катары ойлошкон. Мындай ниети бузуку адамдарга негизи эле кыргыз жеринде басып жүрүүгө моралдык укук да жок болушу кажет.  Ал эми жогоруда кеп кылган Бабанов деле Бермет Акаева менен Молдомуса Конгантиевден анчалык деле айырмасы жок. Керек болсо, анын былыктары ашып  түшөт…

Чагылгандай тездик менен…

Ошентип, Жээнбековдун чылбыры бош, чыйрак эмес бийлигинен пайдаланган бир кездеги качкындар эрте жазда кайтып келишкен келгин куштардай келип баштады. Эртеӊ Акаевдин үй-бүлөсү толук, анын канкор Бакиевдер акырын кайта баштабайт деп ким кепилдик берет? Ишенген бийлигиӊ минтип иштен чыгып жатса албетте эч ким кепилдик бере албас…  Бабановдун кайтып келиши Бакиевдин дагы бир жан жөөкөрү, өзүн Оштун ханы дедирткен мурунку атка минер Мелис Мырзакматовго да дем берген экен. Ал да “Манастан Чубак кем бекен” деп, кайтып келүүгө дилгиленип жатканын айрым ЖМКлар жазып жатышат. Кыскасы, жакынкы күндөрү Мырзакматовдун да күнү тууп калса, таӊ калуунун кажети жоктур…

 Жогоруда аттары аталгандардан башкаларды да унутпайлы. Өзүн эчак өлдү дедиртип, жар салдырган Данияр Үсөнов, Никалой Танаев, Сапарбек Балкыбеков, Кыдыкбек Исаев, Арстанбек Ногоев,  Басурманкул Табалдиев, Аскар Шадиев, Алина Шаикова башташкан  толгон-токой эргулдар   баары биригип, Кыргызстанга билет алып, “Манас” аэропорту аркылуу  “жаркылдап”  келип калышса да эл  анчалык таӊданбай турган аблага жетти. Себеби,  бул абалга бийлик өзү жеткизип жатат. Бирок бийлик эч качан унутпасын! Элдин кыжырын көп келтире берсе, эртедир-кечтир, мына ошол кан ичкич, акча жегич, киши жегич, качкындардын арасына барып кошулуп, “партиялаш”, сааналаш болуп калышы бат эле… Биздин эл кутургандарга чагылгандай тездик менен ордуна койгонду жакшы билет. Бул жагынан тажрыйбасы да мол…

Канжар Кадыркулов