—“Манас” эпосунун түштүктө айтылыш тарыхына токтоло аласызбы?

—Түштүктө Кыдыраалы деген манасчы болгон. Ал залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу менен кошо түндүк менен түштүктү айланып манас айтчу экен. Бул жөнүндө маалыматтар гезиттерге жазылып, уламыштар 70-80-жылдардагы маалыматтарда бар, издесеңиз табасыз. Ошондой эле биздин айылда Эргеш аке деген манасчы болгон. Манас бир учурда көп айтылбай калгандыктан, маани берилген эмес.

—Кылымдар жаңырыгы болуп, жаңыланып айтылып, бүгүн тирүү эпос аталган эпос менен тагдырыңыз кандай байланышып калды?

 —Чоң энем Сүтиян “Манас” эпосун айтчу, куйма кулак, кыргыздын макал-лакаптарын, жөө жомокторун кыйын билген киши эле. Мен кичинекейимден арапада, эл чогулган жерде, аш-тойдо илгертен калган патипондор болчу эле, ошону коюшчу, анда манасчы Саякбай Каралаевдин “Тайторуну сүрөө” дегенин угат элем.  Саякбай манасчынын Манасын угуп, энемдин айтканын угуп, беш жашымдан айта баштагам. Ошентип жүрүп мектепке баргандан кийин да айтып, анча-мынча түшкө кирип, ар кыл кубулуштар болуп, коркуп, алар менен чабышып, акырында манасчы болуп калдым.  Менин “Манас” эпосун айтып калышыма энем, Козуев Самудин, Ормонов Калы, Эргешов Аким, Жаңыбай акелердин  салымдары чоң болду.

—“Манас” эпосунан адам жашоосунун баарын табууга болот эмеспи: дин, философия, медицина, идеология деги баары бар, сиздин көз карашыңызда биз ушул аруулукту, ыйыктыкты сезебизби?

—“Манас” эпосунан баардык жакшы нерселерди табууга болот. Өзүмө жооп берсем мен үчүн “Манас” эпосу ыйык. “Манас” эпосундагы жакшы нерселердин баарын алган болсок, элге жеткирген болсок, ошол аруулуктар, ыйык сезимдерди кыргыз эли окуп түшүнгөн болсо кыргыз эли эчак эле оңолмок. “Манас” дегенде мага жакшы гана сезимдер келет. Баардык жерде ушуну айтып жүрөм.

“Манас” эпосунун бүгүнкү абалы кандай?

—“Манас” эпосунун, манасчылардын абалына дайыма бир калыпта көңүл буруу жок. Анда-санда эстешет. Манасчылардын абалы оор деп эле айтам. Бизде түштүк тарапты алсам, манасчыга жардам бере калайын деген адамдар жокко эсе. Борборду, түндүктү алып айтсам “Манас” эпосуна кызыккан адамдар көп экен. Ага мисал 3 күндүк, 7 күндүк манасчылардын айтуусуна шарт түзүп, гонорар төлөп жатышканына өзүм күбөмүн. Андан деле сабак алышпады. 2-3 манасчы барбыз областтын деңгээлинде, жок дегенде майрам күндөрү да көңүл бура алышпайт. Бийлик өкүлдөрү кызыкпайт. Элдин арасына сиңириш үчүн көптөгөн иш-чараларды жер-жерлерде өткөрүш керек. Бизде былтыр бир жолу өттү. Андан кийин мындай  иш уланган жок.

—Сизди мурда-кийин изилдеп жазган илимпоз барбы?

—Эми менин артымдан атайылап келип, изилдеген эч ким жок. Мындан 15-жыл мурда телевидениеге тартып кетишкен. Андан башка айтаарлык эч нерсе жок. Мени эле эмес жалпы түштүктөгү манасчыларды жазган илимпозду укпадым.

—Манасчылык өнөр менен статус алып, кесип катары аркалап, өмүр бою өт деп акча төлөп турушса кандай кыласыз?

—Манасчыларды көңүлгө ала турган мыйзам чыгып, манасчыларга маяна берип, караса эле кийинки жаштар акча төлөйт экен, “кесип” болот турбайбы деп көбөйөт эле. Күнү-түнү айылды кыдырып элге түшүндүрүшкө аракет кылат элем. Бул демилге колго алынып, мага акча төлөп, көйгөйүмдү чечсе,  жогоруда айтпадымбы күнү-түнү айтып эл кыдырам.

—Манасчыны илгери сыйлап, байы да, бийи да кадырлаган, азыр сиздин абалыңызды сурагандар барбы?

—Эми азыркы мезгилде илгеркидей ат мингизип, тон жаппаса да, айрым “Манас” эпосу менен кабары бар адамдар манасчы деп сыйлайт, оозеки моралдык колдоо көрсөтүп коёт. Пул чөнтөккө салганы жок. Демөөрчү болуп касиетти сыйлап, талантыңызды чыгар дегендер жок, кездешпеди.

—Калпак кийбейт, комузда ойнобойт, манасчы чыккан эмес бу түштүктө,  азыр манасчылар аз дешет экен.  Баткен областынан эгемендикти алганы бир да манасчы чыкпаптыр буга эмне жооп айтасыз?

—Түштүктө манасчылардын көп чыкпаганынын себеби: Сагымбай, Саякбай залкар манасчылар түндүктөн болуп, шакирттерди тарбиялады. Революциядан кийин Шаабай Азизов, Уркаш Мамбеталиев, мына азыркы Назаркул Сейдрахманов улап айтып келип ал жакта көбөйүп кетти. Анын үстүнө АКШдан ПРООНдон Болот деген агайыбыз өнүктүрүп, мен, Базарбай аке экөөбүз ошого катышып калып, биз айтып калдык. Баткенден Айбек деген бала жакындан бери чыгып жатат. Драм театрда иштейт. 

—“Манас” эпосунун келечегине манасчы катары эмне айтасыз?

—Манасчы катары айта турган болсом тарыхка калтырышыбыз керек. Келечек муундун, жаштардын кулагына куйсак. Жер-жерлерди кыдырып айтсак, төбөлдөрүбүз (бийлик ээлери) мелдештерде жеңгенине сыйлык берип, жеңбегенин жөн койбой тегиз эле өнүктүрүү үчүн сыйлап турса, умтулат эле. Көбөйүп кеткенде гана  арасынан мыктысын тандайт эле, шарт жок.

—Сиздин аткарылбай жаткан кыялыныз?

—Кыялым ал-күчүбүздүн барында, шарт түзүп биздеги, мендеги Манасты жакшы көңүл менен жаздырып алып калышса. Муну айткан себебим, далай жерлерге барабыз, жер карап, кейип калган учурлар көп. Ошондо, аттиң кыргыздын рухунун кереги жок турбайбы-деген ойго кетесиң. Кыялым эле ошол жадырап-жайнап тосуп,  манасчыларга өкмөтпү, жергиликтүү бийлик маалкатпай, сурантпай жакшы мамиле кылса эле болбодубу. Көөдөндөгү нерсе жакшы чыгатко, кысылбай. Кыспай, кемитпей, жакшылап шарт түзсө деген кыялым бар. Манасчыларды  кадырлап турушса кана?

   Маектешкен,     Чолпон Субакожоева