Эгемендүүлүк күнүнө карата Эл аралык айтыш өтөт

XIII эл аралык кыргыз-казак айтышы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 28, мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жана залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Бул айтышка тандоо уру бүгүн КТРКнын залында болуп өттү.
Аталган айтышка калыстардын чечими менен  кыргыз тараптан мыкты делген 8 төкмө акын тандалып алынды. “Айтыш коомдук фондусунун төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратовдун айтуусуна караганда 30-31-августта алар казакстандын 8 төкмө акын менен күч сынашат. Жалпы байге фонду 2 миллион сом. Адатка айланып калгандай эле  кош байге коюлду.

Казактардын 8 акыны менен айтыша турган биздин акындар:


Тандоо турунан өткөн акындар: упайлары менен…
1.Жеңишбек Жумакадыр 80
2.Азамат Болгонбаев 79
3.Асылбек Маратов 79
4.Амантай Кутманалиев 75
5.Жылдызбек Төрөканов 75
6.Баян Акматов 74
7.Эламан Келдибеков 74 
8.Шайлообек Отунчиев 73