Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамдуулуктун сакталышынын абалы жөнүндө  Прокурорунун жардамчысы  Д. Сатыбаев айтып берди.                                      

2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан төмөндөгү  жумуштар аткарылды.

Алсак, мыйзамдардын аткарылышы боюнча аталган мөөнөттө өзгөчө көңүл жер, коррупцияга каршы аракеттенүү, архитектура жана шаар куруу, ишкерлердин укуктарын коргоо, транспорт жана жол коопсуздук жана башка мыйзамдардын талаптарынын аткарышына бурулуп, алардын жыйынтыгы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Тактап айтканда, 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талабына ылайык, жалпысы болуп 145 (101) текшерүү жүргүзүлүп, 520 (435)мыйзам бузуулар аныкталып, алардын жыйынтыгы менен 17 (40) каршылык билдирүү, 62 (58) ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш, 47 (27) талап, 9 (5) мыйзам бузууга жол бербестик жөнүндө эскертүү, 8 (5) тартиптик өндүрүш иши козгоо жөнүндө токтомдор кабыл алынып, 19 (6) материал КЖБРне катталган.

Келтирилген прокурордук актылардын негизинде жалпысы болуп 115 (97) жооптуу кызмат адамдар ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.

Мындан сырткары, келтирилген прокурордук актылардын негизинде мамлекеттик эсебине 5 551 757 (544 837) сом акча каражаты өндүрүлгөн.

Башкача айтканда, 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында            2018-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу мамлекеттин эсебине 4 632 611 сом акча каражатыкөп өндүрүлгөн.

Булак:Чагылган.