Ишенимдүү булактардын айтымына караганда мындан бир саат мурун ЖК депутаты,КСДПнын жетекчилик милдетин убактылуу аткарып жаткан Асел Кодуранованын да кармалганы кабарланууда.

Аны күч түзүмдөрүнүн төрт өкүлү Кодуранованы суракка алып кетишкен. Эл өкүлү УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча сурак берет.

Ал Атамбаевдин активдүү тарапташтары. Буга чейин бийликке сына айтып келген. Анын бир канча ай мурун вице-спикерлик кызматтан алып түшүшүп, ордуна Аида Касымалиеваны шайлашкан. Ал эми атамбаевдин дагы бир жактоочусу депутат Ирина Карамушкина суракка өзү бара турганын билдирген