Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго экинчи операция жасалганын Саламатттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Дарыгерлер Курманкуловду томограммадан өткөргөндөн кийин, экинчи операция жасашкан. Палковник Самат Курманкулов Кой-Таштагы мурунку өлкө башчысын кармоо операциясы маалында башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилип, кечээ мээсине операция жасалган. Ал бүгүн экинчи операциядан кийин эсине келгендиги айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги Кой-Таштагы окуяларда жараат алып, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жеткенин тастыктады.