Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Ал башынан жаракат алып, ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы айтылган.

Кечээ күнү Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты.