Фарид Ниязов Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө, саат 11ге жакын ал ошол жерде чогулуп турган тарапкерлери менен жолукканы жатканын билдирди.

Ниязовдун айтымында, колго түшүрүлгөн күч кызматкерлери дагы эле Атамбаевдин үйүндө, абалы жакшы. “Аларды кое бериш керекпи же жокпу, эл чечет” деп билдирди Ниязов. Анын белгилешинче, жараат алган күч кызматкерлерин ооруканага алып кетишкен, ал жакта отургандардын жарааты жок.

Ушу тапта Кой-Ташта 200дөй адам чогулуп турат. Жогорку Кеңештин депутаттарынан Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Бакыт Жетигенов жүрөт.

Учурда ооруканаларда жаткандардын саны 38 адам