Кечээ түнү Кой-Ташта Аатмбаевди кармоо оперциясынын учурунда каза болгон спецназдын аты-жөнү Үсөн Ниязбеков экенин Бишкектеги №4 ооруканасынан маалым болду. Подполконик Ниязбеков УКМКга караштуу «Альфанын» командиринин орун басары эле. Маркум Кой-Таштагы операцияны жетектеп жүргөн. Ал Ноокат районунда 1972-жылы туулган. 2000-жылдан баштап «Альфанын» Ош шаары боюнча бөлүгүндө иштеп баштаган. Быйыл февраль айынан баштап УКМКнын «Альфасында» командирдин орун басары болуп иштеп жаткан. «Эрдик» медалы ж.б сыйлыктар менен сыйланган. Маркумдун артында үй-бүлөсү, 4 баласы калды.